www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КАЙРЫЛУУ: Сооронбай Жээнбеков, Дастан Жумабеков, Мухаммедкалый Абулгазиевге аксылыктардан ачык кат...

Гүлжан Шерипбаева 03-май 2018, 12:36

Саясат


КАЙРЫЛУУ: Сооронбай Жээнбеков, Дастан Жумабеков, Мухаммедкалый Абулгазиевге аксылыктардан ачык кат...

Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Жумабеков Дастан Артисбековичке

Кыргыз Республикасынын премьер–министри Абулгазиев Мухаммедкалый Дүйшөкеевичке

Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринен

К А Й Р Ы Л У У

Биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө: жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо компаниясы, Кара-Жыгач айылдык кеңешине бир жылдан бери, айыл Өкмөт башчысын шайлоо үзгүлтүкө учурап келе жатат. Өлкөбүздүн башка аймактарында шайлоо мыйзам чегинде, элдин ынтымагы менен эле өтүп келе жатат. Ал эми биздин айылдык кеңеш 1 жылдын ичинде эки ирет таркап, эми үчүнчү айылдык кеңештин шайлоосу 2018-жылдын 13-майга болгону турат. Бул карапайым элди тынчсыздандырып жатат. Ар бир шайлоо компаниясы үчүн, мамлекеттин казынасынан миллиондогон каражатты жумшалышы такыр эле акылга сыйбаган көрүнүш болду. Мындай алешемдике эмне себеп?

1. Элдин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгон айрым саясий партиялардын өкүлдөрүнүн кара санатайлык аракеттери менен бузулууда.

Мисал катары айтсак; «СДПК», «Өнүгүү Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» партияларынын жергиликтүү эргулдары шайлоо мыйзамдарын одоно бузуп, элди бөлүп-жарып акча таркатууга чейин барып жатышат.

2. Айрым Өкмөттүн башчылыгына талапкер болгон адамдар, айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарын сатып алууга аракет кылып, айрымдарына чындан эле акча берип, атайлап шайлоону бузуп жатат.

3. Айылдык кеңештин депутаттыгына айрым талапкерлер ачык эле үймө-үй кыдырышып, баштыкчада азык-түлүк таркатышууда.

4. 2018-жылдын 13-майында боло турган шайлоого дагы «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы ири суммадагы акча берет экен деген сөз эл арасында жүрүп жатат. Мурдагы президенттин койнуна кирип, пресс катчы болуп, анын бийлигин ичинен иритип-чириткен кылыктарын эңсеп калса керек! Эгерде, азыр алдын албаса азыркы бийликтин да беделин түшүрүп, саясий туруктуулукту бузат! Алардын мыйзамсыз иш аракетин урматтуу президентибиз сиз гана токтото аласыз!

5. Шайлоо негизинен толугу менен коррупциялашкан, шайлоочулардын аң сезимине «Таза шайлоо» жөнүндө ишеним өтө төмөн.

6. Тиешелүү мамлекеттик укук коргоо органдары жогорудагы көйгөйлөргө кайдыгер карашып, өз милдеттерин аткарбай жатат. Урматтуу журт башчылары! Жогоруда айтылган маселелерди мыйзамдуу, калыс чечилишине мамлекеттик деңгээлде жардам берсеңиздер!

Сиздери терең урматтоо менен, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер: Ызаканов М. Жаңыбаев Э. Картаев, Сатыбаев, Өмүрзаков, Чекиров, Ашырова, Жээнбекова, Аземов, Шерматов Т. Уманов С. Шерипбаева Д. Жумабаев О. Артыкбаев Э. Сыябаев М. Ызаканов А. Сапарбаев Б.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83