www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өч алуу курмандыгына айланган колукту

Гүлжан Шерипбаева 06-май 2018, 18:25

Коом


Өч алуу курмандыгына айланган колукту

Ак көйнөк кийип турмуш жолуна аттанып жаткан кыздын жүзүнөн мончок-мончок жаш куюлуп, колундагы телефонду кайра-кайра баскылап коёт. Жанында күйпөлөктөп, айласын таппай куураган энеси, кошо ыйлап курбу кыздары жүрүшөт. Мындай туңгуюк абалдан чыгуунун бир да айласы жок сыягы. Ресторан толо эл. Төрдө кудаларга арнап жайылган эки столдогу дасторкон гана бош турат. Ачуусу көзүнөн чачырап Айперинин улуу агасы кирип келип:

– Сен өзү кандай сүйлөштүң эле ал жигит менен? Казакстандагы дарегин билесиңби?!

– Жок...- деп үн катты кыз башын чайкай.  Эки жаш диско-клубдардын биринен таанышкан. Сакен аттуу казак жигити Айперини бир көргөндө эле жактырып, капкара кашы-көзүнө, узун боюна, жагымдуу келбетине арбалып, ошол күндөн тарта анын артынан түшүп алды. Кыз жигитти анчейин жактыра бербей, көп кылыктарын көргөзүп, кээде курбуларынын алдында шагын сындырып да койчу. Ошондой күндөрдүн биринде жигит кызды сейил бактардын бирине жолугушууга чакырат. Айпери да ал күнү сабагынан эртерээк бошоп, болжошкон жерге кечикпей барат. Экөө бир топко сейилдеген соң тамактануу үчүн кафелердин бирине баш бакканда сүйгөнүңүз укмуш сулуу экен, гүл сатып бербейсизби деп алдыларынан кичинекей бала чыга калды. Албетте деп эле Сакен баланын колундагы гүлдү ала калып: 

– Айпери, сен жерде, сууда жок сулуусуң. Мен сени сүйөм. Мага турмушка чыгасыңбы?- дей салды шаша. Мамиленин мындай бурулушун күтпөгөн кыз дендароо туруп калды. Анын үстүнө Айпери Сакенге өтө деле олуттуу мамиле кылчу эмес.

– Жок, ай! Кайдагыны айтпачы!- деп күлүп жиберди.

– Мени тамашалап жатат деп ойлосоң жаңыласың. Чын айтам, мага турмушка чыгасыңбы? 

– Мен бул тууралуу ойлоно да элекмин. Ойлонгон күндө деле, сени болочок жолдошум катары элестете албайм,- деп кыз жылмайып койду. Сакен бир чети элдин алдында кыздан шагы сынып турганына капаланып, бир чети ызаланып, өзүн араң карманып отуруп калды.  Ошол окуядан кийин Сакендин Айпериге болгон мамилеси түп тамырынан өзгөрдү. Сөздөрү орой, мамилеси муздак. Бирок кош бол деп басып да кетпеди. Бир туруп кымбат белектерди берип, романтикалуу жолугушууларды уюштурат да, бир топко чейин жок болуп кетет.

Себебин Таразда ата-энемдин жанында болдум деп түшүндүрчү. Убакыт өтүп Айпери кантип жигитке байланып калганын байкабай калды. Бул чын эле сүйүү беле же жөн эле көнүп калгандыкпы, айтор, кыз Сакенсиз жашоосун элестете албайт. Таарынышып, табышып отуруп эки жаш баш кошмокко бел байлашат. Бирин-бири ата-энелери менен тааныштырмак болуп, алгач Сакен Айперинин үйүнө келген. Таанышуу ойдогудай өтүп, болочок күйөө баласын ата-эне жактырып, кызын турмушка узатууга камына башташат. Ал эми жигит апасынын ооруп калганын айтып, кудаларды телефон аркылуу гана байланыштырып турду. Кыз берип жаткан тарап ошол күнү Айперини ресторандан узатып, андан чыгып жаштар никеге каттоого туруп, Казакстандын Тараз шаарында заманбап той беришмек. 

Кутман таң, жалгызым, бүгүн биз күткөн өзгөчө күн. Сени көргөнгө ашыгып турам. Биз бактылуу болобуз. Саат 11де көрүшөбүз! Бул той күнү Сакенден келген акыркы билдирүү эле. Саат 11ден баштап анын телефону өчтү.

Кырсыкка учураганбы? деп сарсанаа болот, кайра эмне болуп кетти? деп ызаланып ыйлайт. Айтор, Айперинин көз алдынан көп окуялар чууруп өтүп жатты. Ал кээ бир мырзалардын кекчил болорун, Сакен андан бир кезде шагын сындырып койгону үчүн өч алып жатканын ойлогон да жок. Эшикте болсо жаан жаап жатты...

Редакциядан: Маалымат интернет баракчадан алынды

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83