www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадыр Кошалиевдин, кыргыз элине КАЙРЫЛУУсу

Гүлжан Шерипбаева 08-май 2018, 11:34

Саясат


Кадыр Кошалиевдин, кыргыз элине КАЙРЫЛУУсу

УРМАТТУУ БИР БООР КЫРГЫЗЫМ, БӨЛҮНБӨЙЛҮ!

Бизди көрө албаган, ичи бузук ички-сырткы күчтөр тарабынан кыргыз элин бөлүп жаруу учүн, стабилдүүлүктү бузуу учүн чоң каражат бөлүнгөндүгү туурасында маалымат бар! Атайлап жаралуу жерлерден жалын чыгаруу үчүн түндүк-түштүк, исламчы-теңирчи ж.б маселелерди жасалма курчутуп, от менен ойноп жатышат. Аларга кыргыздын биримдиги, өнүгүп өсүп кетүүсү кереги жок.

Ички душмандардын көздөгөнү кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу, сырткы душмандардын максаты керемет кыргыз жерине ээлик кылуу. Ушул опурталдуу учурда аймактык жана диний ишенимдер маселесин ойлонуп -ойлонбой курчута берүүдөн кармана турсак.

Жер шаарынын кайсы жеринде жашабасын бири бирин тааныбай туруп еврейлер бири бирин колдошот, чечендер бири бири учүн өлүмгө даяр, арабдар менен жапондор мекенине барган мигранттарды атуулдукка алышпайт, өздөрү мамлекетинде моноулут экенине карабай. А биз эмне учүн өзүбузгө өзүбүз кайдыгер болуп, бузукулардын тилине кирип бөлүнүүгө жол беришибиз керек?! Сак бол кыргыз! Биздин күчүбүз ынтымак-биримдикте!

Урматтоом менен Кадыр Кошалиев

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83