www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аргынбек Малабаевден NazarNews.kg маалымат агенттиги кечирим сурайт

Гүлжан Шерипбаева 08-май 2018, 17:15

Саясат


Аргынбек Малабаевден NazarNews.kg маалымат агенттиги кечирим сурайт

4-майда NazarNews.kg маалымат агенттиги мурдагы министр Аргынбек Малабаев тууралуу такталбаган маалыматты коомчулукка жарыя кылгандыгына байланыштуу NazarNews.kg маалымат агенттиги кечирим сурайбыз. Белгилей кетсек, макалада “Балыкчы – Корумду” автожолун куруу жана тендер боюнча сөз болгон.

Экинчи тарабын ала турган болсок, кулагыңарга күмүш сырга, “кийиз казык жерге кирди”, талаштан тактык жаралды. Жакынкы күндөрү 3 жылдан бери бүтпөй жаткан Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүүдөгү акчанын кайда кеткени, кытайлык “Лонг Хай” компаниясы менен кимдер тыгыз иштегени, алар кайсы экс-премьер-министр менен келишим түзгөндүгү, 104 чакырым Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүүгө алгач ирет бюджет эсебинен канча сом каралгандыгы, асфальттын түбүндө калып кеткен акчалар тууралуу ачыкталбай калган “секрет” макала жарыкка чыгат.

Тендердин айынан териси тескери сыйрылып, “маңкасы” чубалып кала жаздаган экс-премьер-министрдин  “Балыкчы – Корумду” автожолун куруудагы “былыктары”  тууралуу “муштум” кезеген макалага күбө болосуздар.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83