www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдешкиле деп жүгүрүп жүргөн Чыныбай Турсунбековко эскертүү...

Гүлжан Шерипбаева 10-май 2018, 11:49

Саясат


Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдешкиле деп жүгүрүп жүргөн Чыныбай Турсунбековко эскертүү...

Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдешкиле деп жүгүрүп жүргөн Чыныбай Турсунбековко эскертүү, деген оюн Фейсбук колдонуучу Бермет Бакытбекова жазып чыкты. Пикирин эч кандай өзгөртүүсүз, окурмандарга сунуштайбыз.

"Президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдешкиле деп жүгүрүп жүргөн Чыныбай Турсунбековко эскертүү. Чыныбай Турсунбеков, сен өзүңдүн морадёрлук кылмыштарыңды жашырыш үчүн элдештиргиң келип атат. Эптеп камалбаштын айласын кылып атасың. Максим Бакиевдин Акылинвестбанкын морадёрлук кылып аялыңа алып бердиң, азыр аялың ээлик кылып турат. Максим Бакиевдин Бишкек арак заводун ээлеп алып, бир тууган кайниңе алып бердиң, кийин кайра он эсе кымбатка саттыңар. Жакында эле Кытайга барып чыккынчылык кылып, "эл душманы" болуп, 386 млн долларды жеп кеттиң. Өзүңдүн ун бизнесиңе ылайык "льгота" кылып мыйзам жазып алып, казнага миллиард сом салык төкпөй кеттиң. Дагы айта берсе толгон-токой уурулуктарың бар. Ошол уурулуктарыңды жабыш үчүн жан далбастап атасың. Кысчу жериңди кыс! Сенин ордуң түрмөдө. Ал эми президентибиз Сооронбай ШАРИПОВИЧ, эгер Алмазбек Атамбаев менен кайра дос болуп, кетсеңиз сизге кыргыз эли "эл душманы" дегенден дагы катуу наам берип коёру анык иш. Ошону эсиңизге тутуп алыңыз. Себеби, Дача-Суу, 386 млн доллар, Датка-Кемин, жана башка жана башка досуңуздун иштерин жаап жашырган болосуз. Чыныбай менен Асылбек дос болсо да ошондой болот", деп жазган Бермет Бакытбекова.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83