www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Элдин ырыскысын жегендер өлүп жоголсун”

Гүлжан Шерипбаева 10-май 2018, 15:48

Саясат


 Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Элдин ырыскысын жегендер өлүп жоголсун”

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңеште Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкууланып жатат. Жыйынга мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев жана депутаттык комиссиянын корутундусунда аты аталган жетекчилер катышууда.

Камчыбек Жолдошбаев:-  Кыргыз эли бары карап турат. Бул кредитке бийлик алганда ойлонуп алыш керек эле. Буларды шак эле камаганга болбойт 50 млрд сомду эмне үчүн кыргыз элинин уул-кыздары  депуттар төлөшү керек. Элдин ырыскысын жегендер өлүп жоголсун. Эмне үчүн элдин акчасын кылтыйып олтурат. Ар ким өздөрү жасаганын мойну менен тартсын. Кытай Россияга окшоп карызын кечип койбойт.  Мобулар төлөсүн. Аз жерден Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Аксай менен Арпаны Өмүрбек Бабанов менен Аскар Салымбековдун айынан алдыртып ие таштаганбыз, эми мындайга жол бербешибиз керек”, - деди депутат.

Ошентип, ЖК депутат өзү шайлаган өкмөткө өзү нараазы. Кызыктар алдыда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83