www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ТЭЦдеги 7 баштуу ажыдаарлардын аттары чыга баштады

Гүлжан Шерипбаева 10-май 2018, 16:17

Саясат


 ТЭЦдеги 7 баштуу ажыдаарлардын аттары чыга баштады

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңеште Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкууланып жатат. Жыйынга мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев жана депутаттык комиссиянын корутундусунда аты аталган жетекчилер катышууда.

Жантөрө Сатыбалдиев, депутаттардын “жегич-ичкич” деген сөзүнө уялды. Ал, буга чейинки депутаттардын каяша сөзүнөн кечирим сурап, эл өкүлдөрүн ыймандуулакка жана тартиптүүлүккө чакырды.

Жантөрө мырза: - Сапар Исаковдун катын көрбөгөндүгүн жана 2 жума мурун депутаттык комиссиядан көргөндүгүн тастыктады.

Ага кошумча Рысбек Кожобеков, Сатыбалдиевдин сөзүн жооко чыгарып, “сиз телефон аркылуу мага чалып, ТЭЦдин реконструкциясы боюнча токтом даярдап жатабыз, колдоп бериңиз”, деп айткан сөзүн калпка чыгарды. Ага кошумча Датка-Кемин чубалгысы боюнча тактап-тастыктап текшериш керек деп тапшырма берди. Ал жерде Аскарбек Шадиевдин эсепчиси ТВЕА компаниясынын эсепчиси экендигин ачыктады. Аскарбек Шадиевдин сөзүндө, “Урматтуу президенттин  тапшырма сөзү менен аткардык” деп жатат. Ошондо булардын сөзү боюнча “Урматтуу президенти Алмазбек Атамбаевби же ошондогу өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбековбу?”

Ушул тапта Жоргорку Кеңеште экстер менен азыркы бийликтин тирешүүлөрү күч алып жатат. Такташуу иретинде күнөөлүүлөр экстер менен азыркылар бири-биринин баасын чыгарууга 16:08 де танаписке чыгып кетишти.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83