www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бактыгүл Жумабаева, “Апрель баатыры”: "Сооронбай Шарипович, Самаков, Батукаев эмес!"

Гүлжан Шерипбаева 11-май 2018, 00:56

Саясат


 Бактыгүл Жумабаева, “Апрель баатыры”: "Сооронбай Шарипович, Самаков, Батукаев эмес!"

Кечээ, 10-майда Бишкек шаардык сотунда ЖК мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши каралып, соттук отурум, 16-майга жылдырылды. Жогорку Соттун алдына беш жүздөй тарапташтары "Соттор, Кудайдан корккула!", "Карганбек Самаков акталсын!" деген чакырыктар менен чыгышты. Акциянын катышуучусу, Нарын облусунун тургуну Бактыгүл Жумабаева төмөнкүлөргө токтолду.

--Карганбек  Самаков, кыргыз эли үчүн кызмат кылган жигит. Карганбекке бүтүндөй кыргыз эли келип, аны жактап коргосо жарашат. 196 мамлекет мүчө болгон ЮНЕСКО эл аралык уюмунда “ташка тамга баскандай”,  “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин  ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизген так ушул Карганбек эмес беле! Карганбектин көмөгү менен “Манас” кыргыз элинин тарыхый эпосу катары бекигенин баары билет. Кыргыз эли сыймыктанып жүргөн, Манасты сактап калган - Карганбек Самаков. Бул жигитке, Кыргыз Эл Баатыры деген наам берсе жарашат. Кыргыз элине эмнелерди гана кылып берген жок. Жер алган коррупционерлер тайраңдап ар жакта жүрүшөт да, кыргыз элине кызмат кылган Карганбекти камап коюп, анын ооруп жатканына карабай капаска тыгып олтурушат. Атамбаевдин бийлиги, мындан шумдук Азиз Батукаевды качырып жибергенин унутуп калдыбы? Күнөөсүз кырчындай балдарды камап койду. ТЭЦ жарылып аттишти 600 долларга алып, миллиарддаган акча жегендерди эмнеге камашпайт? Калп эле “коррупция менен күрөштүк” дейт. Бүгүн, соттор менен прокурорлор, бийликтегилер өздөрү “рейдерлик” кылып жатат.

--Бийликтегилер кандайча “рейдерлик” кылып жатышат?

--Алмазбек Атамбаевдин убагында билими жоктор бийликти башкарып, билимдүүлөр камакта жатат. Атамбаев, элге кызмат кылган Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеевге Карганбек Самаковго, окшогондорду канчалаган кыргыздын жигиттерин саясый буюртма менен каматты. Атамбаев, булардын акчасына “рейдерлик” кылды.  

--Карганбек Самаковдун камалышы сиздин көз карашыңыз боюнча “буюртмабы?”

--Карганбек Самаков, мамлекет жасай турган ишти өзүнүн каражатына кылган. Ал жасаган жумушту мамлекет менен өкмөт жасашы керек эле. Ошол кезде, “Манас” эпосу кыргыз элиники эмес, кытайдыкы экен” деп дөөдүрөшкөндө, Карганбек мамлекеттен бир тыйын акча албай өзүнүн акчасы менен “Манас” эпосун кыргыз элине кайтарып берген. Кыргыз элинин каада-салттарын, боз үй, шырдагын дүйнө жүзүнө дүңгүрөттү. Мындай кыргыз элине күйгөн инсанды баласы менен камап койгону эмне деген кайдыгерлик! Соттор адамдын тагдыры менен ойноп жатат!

--Соттор адамдын тагдыры менен ойноп жатабы?

--Соттор адамдын өмүрү, тагдыры менен ойноп жатат. Мына, Самаковдун тагдыры менен алты жылдап ойноду. Бул мамлекеттин казынасына кол салбады. Кытайдан карыз алып, кыргыз элин куураткан жок. Ошондуктан мен Сооронбай Жээнбековго кайрылат элем. Урматтуу Сооронбай Шарипович, соттор  Самаковдун тагдыры менен соттор 6 жылдан бери ойноп жатат. Сизге энелердин атынан кайрылам, Карганбек Самаковго көңүл буруңуз, ал күнөөсүз. Сооронбай Шарипович, сизден суранабыз, мурдагыдай буюртманы аткарган өз билемдик кылган сотторду жок кылыңыз. Болбосо сиздин дагы саясаттагы абийриңиз, Атамбаевдей болуп калат. Кыргыз деп күйгөн, кыргыздын уулу Карганбек Самаковдун соттук ишин 16-майда чындык тарабына чечим чыгарып бериңиз. Карганбек Самаков эл уулу, ал Батукаев эмес, - деди Нарын облсунун тургуну Бактыгул Жумабаева.

Белгилей кетсек, кечээ 10-майда Бишкек шаардык сотунда ЖК мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши каралып, соттук отурум болуп өттү.

Эске сала кетсек, Карганбек Самаков өткөн жылы Бишкектин Октябрь райондук соту "Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деп айып менен 10 жылга эркинен ажыраткан. Самаков менен бирге уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга абакка кесилген. Кылмыш ишине шериктеш болгон, негизи күнөөлүүлөр мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев менен Игорь Чудиновго айып акча салынган.   

 Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83