www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарындык "көпөстөр" соройгон жанга "соопчулук" деле керек

Гүлжан Шерипбаева 11-май 2018, 11:06

Саясат


Нарындык "көпөстөр" соройгон жанга "соопчулук" деле керек

Нарын районунун Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы жана Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектептер кооптуу абалда болгондуктан айыл тургундары бир нече жолу тиешелүү түзүмдөргө кайрылып, бирок эч кандай майнап чыкпай келет. Бул тууралуу Турмуш сайтынын аймактык кабарчысына элеттиктер билдиришкен. 

Алардын айтымында, учурда аталган мектептер кулап калуу коркунучунда турат.

«Айла кетип, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдогонбуз. Эки мектеп тең мындан 60-70 жыл илгери салынган. Капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болбой калган. К.Абиров атындагы орто мектебинин имаратында жаракалар кетип, дубалдар ажырап кеткен. Полдору нымдашып, чирип баштаган. Дубалы кыйшайып, кулап калуу алдында турат. Ал эми Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектеби да ушундай абалга туш келген. Жаракалар кетип, урап калуу коркунучунда турат. Ал тургай мектептин бир жак капталын кулап калбасын деп тирөөч менен тиреп коюшкан. Учурда 400гө чукул окуучу окуган жана 30дан ашуун мугалим эмгектенген мектеп мышык ыйлаар абалга кептелген», - деп билдиришти тургундар, деп жазат аталган сайт. 

Сарасеп салып карасак, Нарын облусуна караштуу акчасы "саман" көпөстөр ашыгы менен экен. Катардагысын айтпаганда, айтылуу Аскар Салымбеков, Жогорку Кеңеште бирде уялып, бирде тарс-турс сүйлөгөн депутат Камчыбек Жолдошбаев, оор басырыктуулугу менен айрымаланып, миң ойлонуп бир сүйлөгөн, көздүн кыры менен аста секин карап, шашпай-шашпай кадам таштаган, шарактаган акча санаган Шаршенбек Абдукеримов агатайларыбыз, ошол ураганы турган айрым мектептерге акчалай жардам берип же мектеп тургузуп берип койсо жакшы болот беле... Акыры соройгон жанга "соопчулук" деле керек го. Ал эми жергиликтүү калк, бийликтен азырынча үмүт этпей турса деле болот.  Анткени алар 600 долларлык аттиш менен убара, байкуштар. 

Булак: NazarNews.kg
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83