www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темирлан Ормуков: "Мен мамлекетке 36 "порция" тамак, 12 даана бөлкөгө зыян келтирдим"

Гүлжан Шерипбаева 12-май 2018, 16:18

Саясат


Темирлан Ормуков: "Мен мамлекетке 36 "порция" тамак, 12 даана бөлкөгө зыян келтирдим"

--Саламатсызбы Темирлан байке, кандайсыз абактан чыгыптырсыз...

--Ооба, “зек” деген кызматты аркалап, бир жарым ай кызмат кылып койдум. Негизи 29-апрелде эле эркиндикке чыгышым керек экен, айрым кызматкерлердин шалаакылыгынан Убактылуу кармалуучу жайда 12 күн ашыкча олтуруп, мамлекетке 36 "порция" ашык тамак, 12 даана бөлкө зыян келтирдим.

--Ден соолук кандай?

--Ден соолук жакшы, 2 күн мурун жүрөгүм кармап калды. Тилекке каршы ал жакта медициналык камсыздоо толугу менен жок. Башын ооруйбу, жүрөгүңбү бир сары даарысы бар, ошону баарына бере берет экен. Анын кандай даары экенин өздөрү деле билбейт окшойт. 

--Эми ыр жазасызбы дагы...

--Ооба жазам. Ал жакта дагы жаздым, ар кимдерге жазып бердим. Эми президентке кат жазсамбы деп жатам, сүргүнгө айдалып камакта жаткан Токтогул Сатылгановдун деле акчада сүрөтү бар го, мени деле бир тыйынга болсо дагы чыгарып койгулачы, Алмазбек Атамбаев куугунтуктап жүрүп камалдым деп...Анткени мен Сапар Исаков менен аттишке арнап ыр жазгандан кийин камакка алышты окшойт. Депутат Дастан Бекешовдун да мени каматканга чоң салымы бар. Анын демилгеси менен мага, 2017-жылы 25-августа соттон камалсын деген чечим чыккан.

--Ал жакта кандай адамдар менен тааныштыңыз?

--Көп жаш жигиттерге боорум ооруду. Алардын көбү орус тилин билишпейт экен. Айрымдарынын соттун чечимин окуп берсем, көздөрү алайып таң калышат. Сотторго деле баары-бир окшойт. Адам болсо эле камай бербей, жаш балдардын тагдырына балта чаппай, айып акча салып түрмөгө каматпай чыгарып жиберсе болмок да.

--Ушуну менен сот иштериңиз аяктадыбы?

-- 14-майда, саат 10:00 Панфилов эс алуу багынын жанындагы Жогорку Сотто сотум каралат. Эмне деп карайт азырынча белгисиз.  Жергиликтүү ММКларды колдоп сотко келип берүүсүн суранам.

--Рахмат.

Эске сала кетсек, Темирлан Ормуков 29-мартта Бишкек шаардык ИИБне чакырылып, камакка алынып жатканда ичин устара менен тилип жиберген. Кийин ал “Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жаткырылган. Бишкек шаардык ИИБ Ормуковду 5-апрелде ооруканадан №1 тергөө абагына которгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83