www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турсунбай Бакир уулу, 60 жашта Алтымышбай деген уулдуу болуп...

Гүлжан Шерипбаева 12-май 2018, 21:16

Коом


Турсунбай Бакир уулу, 60 жашта Алтымышбай деген  уулдуу болуп...

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, 60 жаштагы Турсунбай Бакир уулу уулдуу болду. Бул тууралуу Турсунбай Бакир уулу Facebookтагы баракчасына жар салды. 

"Жамандыктын артынан жакшылык келет деп туура айтылган: мына дагы бир уулдуу болдум. Кудайга шугур жана чексиз мактоолор! Иерусалимди крест которуучулордон бошоткон жана тарыхта улуу ислам жетекчи жана кол башчы болгон инсандын атын койдум жана кошумча - дайыма жеңүүчү жоокер деген атты коштум. Ошентип уулумдун аты: САЛАХИДДИН-МУЗАФФАР. Аллахым өмүрүн узун жана ыйманын бекем, ислам дини жана мусулмандардын укутары үчүн дайыма күрөшө турган кылсын", - деп жазат Турсунбай Бакир уулу. 

Атактуу экс-депутат, кайсы аялынан уулдуу болду азырынча белгисиз. Кандай болгондо дагы Турсунбай Бакир уулу, 60 жашта уулдуу болуп, бөбөгүнүн бетинен улам-улам сүйүп турган чагы экен. Кыргыздар илгери 60 жашта уулдуу болсо, Алтымышбай деп ат коюп ырымдаса, эми Турсунбай Бакир уулу,  Жетимишбайын эбак пландап жаткан чыгаар. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83