www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олигархтардан куралган Баткендеги КСДП байлары

Кызгалдак Жакыпова 15-май 2018, 19:42

Турмуш


Олигархтардан куралган Баткендеги КСДП байлары

Коррупциянын туу чокусуна жеткен Кызыл-Кыя шаарындагы «Дружба» паркынан коррупциялык жол менен Жогорку Кеңештин КСДП депутаты Сайдалим Жураев да жер алып кур калган эмес. Ботоев Мамыт Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри болуп, жер комиссиясын жетектеп шаарга ажыратылган паркты кызмат абалынан пайдаланып жалаң акчалууларга карматкан.

Бул кылмыштарына макул болбогон эл органга кайрылып, мамлекетке беш жарым миллион зыян келтиргени тастыкталып иш козголгон. Бүгүнкү күнгө чейин КР Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген коррупционерлердин чоң атасы Акрам Мадумаровдун колдоосу менен Кызыл-Кыя шаарынын архивинде Ботоев Мамыт чардап келет.

Биздин Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарына Сооронбай Жээнбековдун февраль айында айткан коррупцияга каршы күрөшүү демилгеси али жете элек. Көзөмөл орган уктап жатат. Мурда соттолгон, азыркы оллигарх, ПостМАИни мыйзамсыз ээлеген, паркты саткан коррупционерди мамлекеттик кызматта талтаңдатып келген Акрам Мадумаровдун артында уурулар табакташ, санаалаш экенин элдин баары билип, иренжип тажап келет. Ботоевдин артындагы беш жарым миллионду ким төлөйт? Акрам Мадумаровпу же КСДП га боло береби?

Өз элин тоноп алган КСДП депутаты Сайдалим Жураев убагында бүтүн бир машина заводду (стратегический военный обьект)10 га жери менен заводдун бир станогун сатып, 800 миң сомго ээлеп алган. Өкмөткө зыяндан башка пайда келтирген эмес. Имараты 3 кабат, жери 10 га тегереги болсо да тойбой парктан да табакташтарынан жер алып калган С.Жураевке окшогондордон, коррупционер чиновниктерден арылуубуз керек. Демек, бийликке акчалуулар, мамлекетти тоногон уурулар акчасын Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин тарката калып, тойгозо алган чайкоочу депутаттардан куралган оллигарх парламент өзү уялсын, өз курсагын өзү тойгозгон эл эмес.

Баткен облусуна да коррупцияга каршы күрөшүүгө текшерүү органдардын ойгонуусун суранат элем.

Роза Маманова, Баткен облусу

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83