www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Бактыбек Сыдыков: “Күйүүчү майлардын кымбаттоосунда Өкмөт алсыздык кылып жатат. Билинбегени менен чоң көйгөй келатат”

Айдар Нуралиев 31-май 2018, 13:27

Саясат


Депутат Бактыбек Сыдыков: “Күйүүчү майлардын кымбаттоосунда Өкмөт алсыздык кылып жатат. Билинбегени менен чоң көйгөй келатат”

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында күйүүчү майлардын кымбат болуп жаткандыгы айтылды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Бактыбек Сыдыков Россия Федерация тарабынан Кыргызстанга алымсыз 1 млн тонна күйүүчү май бөлүнөөрүн, бирок анын баарын “Газпром”, “Росснефть” компаниялары бөлүп алып жаткандыгын, жакында жаңы алым кирет деген жүйөө менен күйүүчү майларды 3 сомго кымбаттаткандыгын маалымдады. “Бул маселеге КР Өкмөтү алсыздыгын көрсөтүп жатат. Чындыгында акыбал бара-бара оорлошуп келе жатат. Күйүүчү майдын баасы боюнча коңшу Казакстан менен 8 сомго чейин айырма бар. Аларда күйүүчү май дээрлик сомго арзан. Бизде бүт рынокту орусиялык компаниялар көзөмөлдөп жатат. Билинбегени менен чоң көйгөй келе жатат”,- дейт Б.Сыдыков.

Депутат Таабалды Тиллаев Бишкек-Ош. Бишкек-Торугарт жолунда айдоочулардан, жүк ташуучулардан жол коопсуздук кызматкерлери тарабынан акча жыйноолор арбып жатканын маалымдады. “Бүгүнкү күндө күйүүчү майлар кымбаттап жаткан маалда мындай мыйзамсыз иш-аракеттер токтотулушу зарыл”,- дейт ал.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83