Жазгүл Урманбетова 31-май 2018, 16:22
Кыргызстандагы энелер өлүмүнүн көрсөткүчү Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы сапта. Мындай маалымат БУУнун Адам укугу боюнча башкармалыгынын жогорку комиссары Дайниус Пурастын “Ар бир адамдын ден соолугу чың болуусуна укугу бар”- деген темадагы докладында белгилүү болду.
Анын айтымында, 1990-жылдан 2016-жылга карата 5 жашка чейинки балдар жана ымыркайлардын өлүмү белгилүү бир көлөмдө кыскарганы менен энелер өлүмүнүн көрсөткүчү мурдагыдай эле жогору болууда.
Дайниус Пурас энелер өлүмүнүн 70 пайызын кыскартууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. “Ал үчүн сапаттуу акушердик тез жардам көрсөтүү кызматы керек. Бул өкүнүчтүү жагдайдын негизги себеби кесарева операциясын сапаттуу жасалбагандыгында”-, деди ал.
Ошондой эле ал өспүрүмдөр арасында кош бойлуу болуу тенденциясы байкалып жаткандыгына токтолуп, Кыргызстанда үй-бүлөнү пландаштыруу кызматы жана бойго бүтүрбө каражаттары боюнча маселеси курч экенин белгиледи .
Дайниус Пурас мектептерге барганда жыныстык жактан туура маалымат берүү темалары дагы деле көмүскөдөгү маселе бойдон калганын айтты.
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!