www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аймактардын экономикалык өнүгүшү айым депутаттардын катышуусу менен талкууланат

Айдар Нуралиев 31-май 2018, 16:39

Саясат


Аймактардын экономикалык өнүгүшү айым депутаттардын катышуусу менен талкууланат

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кенештин айым депутаттарынын форумунун кезектеги жыйыны өттү. Анда форум алкагында алдыда аткарыла турган иш-чаралар талкууга алынып, айым депутаттар өз пикирлери менен бөлүштү. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кенештин айым депутаттарынын форумунун төрайымы, депутат Рада Туманбаева өлкөнүн өнүгүшүндө аялдардын ролу жогору экенин белгилеп, бул жаатта жасалып жаткан иштерге учкай токтолду.  

Андан тышкары жыйында “Аймактардын экономикалык өнүгүшү” аталышындагы конференцияны ушул жылдын 22-июнунда өткөрүү чечими кабыл алынып, ага өлкөнүн Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы жергиликтүү кеңештердин айым депутаттарын чакыруу боюнча сөз жүрдү. Белгилүү болгондой, аталган конференцияда төрт облустан келген айым депутаттар өз аймактарынын өнүгүшүнө зарыл болгон белгилүү бир долбоорду алып, аны көпчүлүктүн талкуусуна сунушташат.  

Ал эми депутат Жылдыз Мусабекова иш-чара өтө маанилүү экенине токтолуп, андыктан ага бардык тармактарда иш алып барган аялдарды чакыруу зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле жыйында белгилүү эл аралык эксперт Кристина Вилфор тарабынан депутаттар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты камсыздоо аркылуу, коомдук байланыштарды чыңдоо боюнча өткөрүлө турган семинар тууралуу сөз болду.

Эске салсак, Кристина Вилфор аял саясатчыларга карата болгон коомдук пикирди изилдеген жана айым депутаттардын форумун түзүү боюнча зор тажрыйбага ээ эл аралык эксперт.   

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83