Айдар Нуралиев 31-май 2018, 18:58
Арам акчасын жашырып калууга аракеттенгендер баары бир жазага тартылат. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Бишкекте өткөн пресс-конференцияда айтты. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Сагынбаевдин белгилешинче, 1-июлдан тарта укук коргоо жана салык органдары мамлекеттик, муниципалдык, саясий кызматкерлердин 2017-жыл үчүн толтурган декларациясын текшере башташат. Эгер кирешеси менен чыгашасынан ортосунда айырмачылык табылса текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында материалдар прокуратурага жөнөтүлөт.
- Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыш жолу менен табылган акчаны легалдаштыруу” беренеси бар. 2019-жылдын 1-январынан тарта кодексте“Мыйзамсыз баюу” деген берене иштей баштайт. Санкциялары катаал, 7-10 жылга чейин эркинен ажарытуу. Мыйзамсыз табылган акчасын жашырып калам дегендер баары бир жазаланат.
Расмий маалыматка караганда, быйыл 48 миң 327 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер декларация тапшырды. Алардын 864ү саясий кызматты ээлеп тургандар.
1202 кызматкер декларациясын кечиктирип тапшырганы үчүн тартип жазасына тартылганы жатат, аларга жалпы 848 миң сом айып салынды.
“Мурдагыдай кечиктирип тапшырган болбойт. Жазаланат”, - дейт Сагынбаев.
Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда коррупцияга каршы иш жакшы жүрбөй жатканын айткан.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!