www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊештин депутаттары менен Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин командалары кичи-футбол боюнча мелдешишти

Кызгалдак Жакыпова 04-июнь 2018, 10:04

Саясат


Жогорку Кеӊештин депутаттары менен Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин командалары кичи-футбол боюнча мелдешишти

Эл өкүлдөрү менен боордош Казактандын  Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы достук -ынтымакты чындоо максатында демилгеленген мелдештин алгачкы беттешэлчиликтин командасынын  жеӊиши менен аяктады. Бул тууралуу маалыматты ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Пархат Тулендибаев, Жаныбек Бакчиев, Жыргалбек Турускулов, Бактыбек Сыдыков, Умбеталы Кыдыралиев, Музафар Исаков курамына кирген депутаттык команда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев баштаган дипломатиялык команда менен беттешти.

Негизинен жаштардан куралган дипломаттардын футболчулары өз талаасында мыкты оюн көрсөтушуп, Эл өкулдөрун жеӊип алышты. Ал эми Жогорку Кеӊештин депутаттары алгачкы оюндан алган шыктануунун демин суутпай, мындай мелдештерди байма-бай өткөрүп туруу демилгесин колдошту. Депутаттык команданын капитаны Жаныбек Бакчиевдин айтымында, кийинки оюндарда топ тебүүгө кызыккан депутаттардын саны арбып, жолдоштук беттешүү салтка айланып, эки тараптуу достук мамиленин чыналуусуна жаӊы дем бермекчи.  

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83