www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Артист” депутат Кожобектин тилин тишине кыстырып коюш керек...

Перизат Кутманалиева 08-июнь 2018, 13:58

Саясат


“Артист” депутат Кожобектин тилин тишине кыстырып коюш керек...

Жогорку Кеңеште куудулдук өнөрү бар, бир артист депутат бар. Аты-жөнү Рысбек Кожобаев. Бул эл өкүлү, Баткен облусунда чек-ара, ызы-чуу болуп, жергиликтүү эл чыйпылактап жатса Жогорку Кеңеште тил боюнча айтып, “мениям, сениям” дебей адабий тилде сүйлөйлү”, деп маселе көтөрдү. Чек ара тынчыбай жатканда бул депутат, кыргыз тилинин балакетин алабы...

Алсак, кумурскадай калкы бар кытайдын 70ден ашуун диалекти бар. Сүткө тойгон күчүктөй болгон бул эл өкүлү жогорку сөзүн Жогорку Кеңеште айткандан бери социалдык тармактарда эки жаат болуп уруша баштады.

Эми депутаттын айтканы боюнча Жогорку Кеңештин этика комитети атайын жыйын өткөрүп, Рысбек Кожобаевдин ээгин кысып, тилин ары каратып түртүп коюшу керек. Болбосо мындай эн ооздор, араң турган элге от чачкандай.

Баса, бул депутат жоопко тартылышы керек! Анткени, ТЭЦдеги болгон окуя боюнча убагында жаап жашырган. Түштөн кийин "аксынып" Сапар Исаковду трибунадан сүзгөн болот. Анчалык патриот экен ошол учурда Сапар Исаковго түшүндүрүп айтса, ушундай ызы-чуунун алдын алмак беле? Алмаз Атамбаев бийликтен кеткенден кийин тыртаңдап, "айттым беле, айттым беле", күпүлдөп трибунадан кыйкырбай... 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83