www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Уялчаак Шрек” улуганда же “дөөрүгөн” Жолдошбаев

Жазгүл Урманбетова 08-июнь 2018, 18:53

Саясат


“Уялчаак Шрек” улуганда же “дөөрүгөн” Жолдошбаев

Айрым адамдар бар. Алардын жүрүшү аңги-дуңгү, өөдүк-сөөдүк. Бирок, ошол кишилер да адамдарга сын тагып, абийир, адамгерчилик деген сөздөрдү оозанып сүйлөсө жакаңды карманат экснсиң. Анткени, мындай адамдар жогорудагыдай адамдын жан дуйнөсүнүн, намыс ариетинин ыйык сөздөрүн суйлөөгө дегеле акысы жок «жандыктардын» катарына киришет. Мына так ошол адамдардын бири Камчыбек Жолдошбаев деген эме Жогорку Кеңеште дупутат болуп олтурат. Жөн эле олтура бербей, айрым учурда “дөөрүп”алмайы бар. Маселен, Жогорку Кеңештеги КТРКнын отчётун карап жаткан жыйында депутат Камчыбек Жолдошбаев Илим Карыпбековду Гитлерге теңеди.

Дегеле, салыштыруу деген эмне экенин ушул уят-сыйытты сыйрып  салган «Уялчаак Шрек» билет болду бекен? Аныгында: «Гитлерди канчалык жаман көрсөк дагы, ал адамдык касиеттен кетип боюнда бар аялды ур-тепкиге алган эмес, Камчыке!»-деп айта турган киши жок. Эсиңиздерде болсо зөөкүр чалыш Камчыке Ош базарда майда-бачек сатып тирилик кылып жүргөн боюнда бар келинди тепкен жайы бар. Муну Камчыке унутуп калсада эл унута элек.

Ал аз келгенсип, карый баштаганда калжаңдап кыз келиндердин «колготкисин» айрып, милицияга түшүп жүргөнү эсинен чыккан го. Ким бирөөнү кордоп тепкилеген, алардын макулдугусуз кийимдерин айрып, зордуктоого аракет кылгандарды салыштырмалуу Гитлерге теңесе болот Камчыке. Деги, омбу-домбу сүйлөгөндү Жолдошбаев качан коёт болду экен?

Булак: "De Facto"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83