www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ - Президент Сооронбай Жээнбеков Пекиндеги электромобилдерди чыгаруучу корпорацияга барды

Перизат Кутманалиева 08-июнь 2018, 19:29

Саясат


СҮРӨТ - Президент Сооронбай Жээнбеков Пекиндеги электромобилдерди чыгаруучу корпорацияга барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июнда Кытайдагы автоунаа жана электромобиль чыгаруучу эң ири өндүрүш ишканаларынын бири болгон Beijing Automotive Group Co., Ltd (BAIC Group) корпорациясынын штаб-квартирасына барды. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы корпорациянын автоунаалар музейин, электромобилдердин акыркы моделдерин көрүп чыгып, алардын түзүлүшү жана иштөө принциптери менен таанышты. Компаниянын өкүлдөрү Кытайдагы электромобилдерди чыгаруу боюнча автокомпаниялардын бешилтигине кирген BAIC Group корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Компаниянын башкармалыгынын Төрагасы Сюй Хей азыркы кезде Кыргызстан менен эки тараптуу иштиктүү байланыштарды кеңейтүү, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жүрүп жатканын белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн мамлекеттик визитинин алкагында өткөн бардык жолугушуулар жогорку деңгээлде өткөнүн жана жемиштүү болгонун, аларга канааттана турганын белгиледи.

“Биз Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана курууну сунуш кылдык. Биздин бул сунушубузду КЭР Төрагасы Си Цзиньпин жана КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян колдоду. Биз достук мамилелерибизди бекемдейбиз. Биздин мамилелерибиз абдан бийик деңгээлге чыкты», - деп белгилеп, Мамлекет башчысы Кыргызстандын ЕврАЭБке мүчөлүгү кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн алда канча кененирээк мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын кошумчалады.

Мамлекет башчысы бардык уюштуруу маселелери боюнча жеринде чечим кабыл алуу үчүн BAIC Group компаниясынын өкүлдөрүн Кыргызстанга келүүгө чакырды. Сюй Хей чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, рынокту изилдөө үчүн алар Кыргызстанга өз өкүлдөрүн жибере турганын билдирди. «Биз долбоорду эң жакын арада ишке ашыруу үчүн бул маселени активдүү илгерилетебиз», - деди ал.  Сооронбай Жээнбеков ардактуу коноктор үчүн Китепте ишкана жамаатына мындан аркы ийгиликтерди каалаган жазуу калтырды.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР төрагасы Си Цзиньпинге Кыргызстанда электромобиль чыгаруучу биргелешкен заводду куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштап, биздин өлкө кытай электромобилдерин чыгаруу жана Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн плацдарм болуп бермек деп белгилеген. Андан тышкары, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда бүгүнкү күндө Кытайда электромобилдерди өндүрүү динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, Кытай тарап бул жаатта Кыргызстан менен кызматташууну жолго салууга даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83