www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путинди Россиянын күнү менен куттуктады

Перизат Кутманалиева 12-июнь 2018, 16:13

Саясат


 Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путинди Россиянын күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге мамлекеттик майрам — Россиянын күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду.

«Россиянын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларациясы кабыл алынган күндөн тартып өлкө мамлекеттик курулуш,  социалдык-экономикалык өнүгүү жана элдин турмушун жакшыртуу боюнча  олуттуу ийгиликтерге жетише алды.

Сиздин акылман жана тең салмактуу саясатыңыздын натыйжасында бүгүнкү күндө Россия эл аралык аренада кадыр-баркка ээ жана күчтүү держава болуп саналат.

Кыргызстан эки өлкө ортосундагы союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди  бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берет.

Биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Кыргызстан менен Россиянын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты  биргелешип улам чыңдай беребиз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путинге чың ден-соолук, бакубатчылык жана алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги  Россия элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83