www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Фарид Ниязов Самудиновдун айткандарына жооп кайтарды

Айдар Нуралиев 30-июнь 2018, 18:50

Саясат


ВИДЕО - Фарид Ниязов Самудиновдун айткандарына жооп кайтарды

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын мурдагы орун басары Фарид Ниязов жарандык активист Ренат Самудиновдун кайрылуусуна комментарий берип, "качкын макамын алууну көздөп сүйлөгөн сөзү өз абийиринин иши экенин" билдирди. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы маалымдады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Партиянын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов 29-июнда видеокайрылуу жасап, азыр АКШнын Чикаго шаарында экенин, ал жакта жубайы Элнура Молдокадырова менен мыйзамдуу жашап жүргөнүн айткан. Ал Фарид Ниязов менен партиянын дагы бир мүчөсү, парламент депутаты Данияр Аттокуров тарабынан коркутуулар болгондуктан, Кыргызстандан кетип, АКШдан башпаанек сураганга аргасыз болгонун кошумчалаган.

Фарид Ниязов Самудиновду жөндөмдүү жигит экенин белгилеп, партияда калтырууга аракет кылганын, жардам берип жүргөнүн айткан. Аттокуров экөөнүн көз караштары төп келбесин да четке каккан эмес.

Ренат Самудинов 2017-жылдын августунда партиядан чыгарылган. Буга КСДП президенттикке Сооронбай Жээнбеновду көрсөткөндө, Самудинов ага каршы чыкканы себеп болгону расмий айтылган.

Былтыр Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова Мексиканын чек арасы аркылуу АКШга кирип жатканда кармалган. Алардын башпаанек сураган өтүнүчүн АКШнын миграциялык соту карап жаткан эле. Жубайлар андан бери коомчулукка чыга элек болчу.

Ренат Самудинов сот иштери бүтүп, АКШда мыйзамдуу жашаганга уруксат алганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83