www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы таксист Чынгыз Анарбек уулунун камак мөөнөтүн узартышты

Перизат Кутманалиева 15-август 2018, 11:03

Миграция


Москвадагы таксист Чынгыз Анарбек уулунун камак мөөнөтүн узартышты

Москванын борборунда жөө жүрүүчүлөрдү коюп кеткен Чынгыз Анарбек уулунун камак мөөнөтү дагы эки айга, 16-октябрга чейин узартылды. Мындай маалыматты Тверь соту кабарлады.

Окуя 16-июнда москванын Ильинка көчөсүндө болгон. Анда кырсыкка Мексиканын 2, Украинанын 1 жараны жана дагы 5 жергиликтүү тургундары кабылышкан. Чынгыздын айтымында, кырсык болгонго чейин ал эки күн уктабагандыктан, уйку-соодо адашып тормоздун ордуна газды тээп алган. Кылмыш иши жол кыймылынын жана транспорт каражатын башкаруу эрежесин бузгандыгы боюнча козголгон. Таксист өз күнөөсүн толук мойнуна алып, өкүнгөнүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83