www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жолдошбек Жунушевди колго чапчу жан барбы?

Кызгалдак Жакыпова 31-август 2018, 14:55

Саясат


Жолдошбек Жунушевди колго чапчу жан барбы?

Мамэкотехинспекцияга Жолдошбек Жунушев аттуу аты-жыты белгисиз эргул келер
замат чуу жаралды. Тармактын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева (айтылуу Эркин Мамбеталиевдин карындашы) системадагы коррупцияны айтып, жетекчи катары Жунушевге кирсе, береги эргул жемкорлукка чара көргөндүн ордуна, татыннактай кыздын өзүн алып койгону неси?

Мындай жетекчинин түпкүлүгүнө кызыксаңар аягы барып түбүң түшкүр баягы алкомагнат Шаки дегенге такалары маалым болду. Убагында бу эргул кыргызга кетпес кегиндей иш кылып кеткен Данияр Үсөновдун кол баласы болуп, ал канкор качканы Шакинин колтугуна кире качып, «Аюу курулушун» жетектегени каңкууланууда. Ал ортодо Бишкек шаардык кеңешине депутат боло калып, андан кыйраткан иши жок болсо дагы аттап өтүп, кыска аралыкка «Кыргызкөмүргө» да жетекчи боло калган. Жумгалдыктар Данияр Үсөнов менен иштеген ниети кара немени «Кыргызкөмүргө» жолотпой коюшканда гаптин майын чыгара иштеп жаткан Канат Муратбековду тээп, ордуна келгени бар. Өмүр бою салыкта, курулуш бизнесте иштеген неме Экотехинспекцияга кантип келип калды?

Алкомагнат Шакиге артын такаган кол балдары кайда барбасын артынан чуу жаратышканды качан токтотушат? Буларды «кой-ай» деп колго чаап койчу жан барбы? Тармактагы коррупциялык иштерди ачкандын ордуна иштеп аткан кызды жумуштан кетиргени президентгин саясатына каршы чыкканыбы? Минтип адилетсиз иштерге баш сала берсе, бул эргулду жакында айтылуу Эркин Мам-беталиев мойнун бурап, кабыргаларын матап койбойбу?..

ИйгиликБолсунбев

Булак: “Азия Ньюс”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83