www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жумабеков Чубак ажыга шык берди….

Перизат Кутманалиева 31-август 2018, 16:49

Саясат


Жумабеков Чубак ажыга шык берди….

Өткөндө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Курман айт намазында «Муфтияттын айтканын уксак өнүп-өсөбүз» дегенди айтып элдин эсин эңги-деңги кылды эле. Мына ошол сөзгө шыктанган чуулгандуу жоруктары менен таанымал Чубак ажы Жалилов мектептерде балдар менен кыздарды бөлүп окуткула дегенди жар салды.

Мамлекет жетекчилери дин менен мамлекеттик кызматтын чегин билбей, дин ишмерлерине кулдук уруп жаткандын кесепети ушундай болот.

Мунун аягы келип халифат маселесине барып такалат. Шариатта андай эмес мындай, бул жакка баспай ары бас, жатпа, тур, турба, отур деген догмалар таңуулана баштайт. Ошондуктан өлкө жетекчилери дин ишмерлерине сыйынып, динди саясатка аралаштырып, мамлекеттик деңгээлде тоңкочук атканды токтотуш керек.

Дин мамлекеттен бөлүнгөн. Андыктан саясатташтырбай дин эрежелерин сактап, мамлекеттик иш-чарада даават жүргүзгөнгө тыюу салынышы милдет.

Булак: «Фабула»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83