www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өнүгөлү десек 20 млрд. доллар табышыбыз керек

Перизат Кутманалиева 31-август 2018, 18:11

Саясат


Өнүгөлү десек 20 млрд. доллар табышыбыз керек

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын алкагында 244 долбоор ишке ашып, ага 20 млрд, доллардан ашык каражат сарпталууга тийиш. Кыргызстанды 2020-2040-жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин катчысы Нурсулу Ахметованын айтымында, алдыда адамдар үчүн өндүрүштүк инфраструктура түзүү зарылдыгы турат.

Айрыкча мындай инфраструктуралык долбоорлор энергетика тармагында ишке ашырылып, алар өлкөнү транспорттук туюктан алып чыгышы керек. Экономикалык долбоорлор ар бир аймактын катышуусунда бөлүштүрүлүп, алардын өзгөчөлүктөрү колдонулат.

Ошондуктан ар бир аймакта логистикалык борборлор түзүлөт. Ахметованын белгилөөсүндө, стратегия 244 инвестициялык долбоорду камтып, аларга 20 млрд, доллардан ашуун каражат керектелет. Ырасында сумма биздин өлкө үчүн өтө чоң каражат. Бул каражатты табуу оңойго турбайт. Ошондуктан өлкө жетекчилери стратегия кагаз жүзүндө калбашы үчүн жигердүү иштеши керек.

Булак: "Фабула"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83