Кызгалдак Жакыпова 04-сентябрь 2018, 18:46
Борбордук Азия жаңылыктары Дүйнө жүзүндө Саясат
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алып так ушул таптарда чет өлкөдөн келген, ардактуу конок катары Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана Фуджейра Эмиратынын канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки катышууда.
Алсак кечээ 2-сентябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин жубайлары Айгүл Токоева жана Эмине Эрдоган Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматов атындагы маданият борборунун ачылышына катышты.
Алгачкы жолу ачылыш аземге катышып жаткан КР президенти Сооронбай Жээнбековдун жубайы канайым Айгүл Токоева көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, элдин купулуна толду. Канайым токтоолугу, жылдыздуулугу, сулуулугу менен айрымаланып турса, башка канайымдар сыяктанып чачын сапсайтып, мойнуна болгон шурусун такпай эл аралык этикага жооп берген журум-туруму менен көзгө жагымдуу учурады.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!
Мага биздин хан айымдын сулуулугу ,токтоолугу жолук салынгандыгы ыймандуулугу жакты бар болсун аман болсун коз тийбесин.