www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аферист Гуревич, Максим тууралуу маегинде өзүнүн “кыпкызыл жинди” экендигин айгинелеп койду

Кызгалдак Жакыпова 03-сентябрь 2018, 17:28

Саясат Дүйнө жүзүндө Борбордук Азия жаңылыктары


Аферист Гуревич, Максим тууралуу маегинде өзүнүн “кыпкызыл жинди” экендигин айгинелеп койду

Учурунда Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болуп, Кыргызстанда бир нече экономикалык кылмыштар боюнча сыртынан соттолуп, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” радиосу менен баарлашып, “Бакиевдер 200-300 миллион долларды уурдап кеткен” деген темада маек берген.

Бүгүн анын айткандары коомчулукта кызуу талкууга жаратып, бири ал айткан маалыматтарга ишенгиси келсе, экинчиси аны “эл аралык деңгээлде шылуун”, деп ага ишенүүгө болбосун айтышууда. 8 жыл мурун бийликтен кеткен Бакиевдер тууралуу Максимдин жакын адамына айланган Гуревич бүгүн ойгоно калып эле алар тууралуу ойго келбеген маалыматтарды берип, ал тургай кыргыз өкмөтү менен иштешүүгө даяр экенин жарыялаганы чыны менен таңгалдырды. Башкасын го билбейм. Мени эл аралык деңгээлдеги адам бул аракети менен жек көрүндүгө айланып бараткан Атамбаевдин ишин унуткартып, элдин көңүлүн Бакиевдерге бурууга далалат жасап жаткандай ойду ойлоого аргасыз кылды. Аферист Гуревичтин бардык аракети “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Маевскийдин көрсөтмөсү менен түрмөгө камагандай сценарий кайталоо аракети башталгандай сезилди.

Маевскийдин айтканы менен күнөөсү далилденбесе дагы Текебаевди камап, түрмөгө олтургузушту. Бүгүн анын ден соолугу маселе жартып, көпчүлүктү ойго салып  жатат. Аман болсун деп Кудайдан тилейли. Кокус бир нерсе болуп кетсе Атамбаевди эч ким кечирбейт. Текебаевди мындан да даңктап, Атамбаевди азыркыдан да жек көрүп калышат. Ортого от жагууну каалагандар, тымызын тирешти жандандырууга салым кошсо да, Текебаевдей кылып Максимди же Курманбек Бакиевдерди камай алышпаса керек. Болгону, кыргыз саясатында атаандашын аферистердин оозу менен талкалатып, жок кылууну самагандардын саясаты орун алып, адилетсиздикке жол ачат. Ал нерсе азыркы бийликтин ишин аксатып, убактысын гана алат. Ошондой эле тымызын чабыш, тымызын тирештин пайдасынна зыяны көп болуп калышы ыктымал.

Келгиле эл аралык деңгээлдеги аферист Гуревичтин айтканына ишенүү же ишенбөөдөн мурун анын тагыраак айтканда, Евгений Гуревичтин ким экендигине токтолуп, ал тууралуу жазылган маалыматтарга токтолу.

Бакиевдерди каралагысы келген Евгений Гуревич деген өзү ким?

Басма сөз маалыматтарына жарыяланган макалаларга таянсак, 2003-2006-жылдары Италиялык сот Евгений Гуревичти "Италия телеком" жана "Фаствеб" компанияларын 2 миллиарддан ашуун долларга алдап кеткен деген айып тагып, аны камоого санкция чыгарган. Ага карабай Евгений Гуревич 2008-жылы Кыргызстанда жаңы ачылган “MGN group” компаниясын жетектеп, Орусия берген 300 миллион доллар насыяны иштетүүдө Өнүктүрүү фондуна көмөктөшүп, “Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелеком” ишканаларын сатууда өкмөткө кеңешчи болгону так жана таамай жазылган.

Ошондой эле Гуревич “Түндүк электро” жана “Кыргызтелеком” ишканаларын сатууда дагы  ал жетектеген “MGN group” компаниясы өкмөткө кеңешчи болгон дешет аны жакшы билгендер.  

Кыскасы, ал өзү актанып маек бергендей эмес, мамлекетке анын пайдасынан кесепети көп тийген. Ага карабай “Азаттыкка” берген маегинде өзүн болушунча актап, болгон дооматтын баарын Максимге жана Бакиевдерге оодарууга аракет кылган. Айтайын дегенибиз, айрым маалыматтарда Евгений Гуревич  президенттин уулу Максим Бакиев менен жакын мамиледе экендиги айтылса да, ал бул маалыматты алынын жетишинче төгүндөп келген.

Анткен менен “Азаттык” радиосу менен баарлашып, өзүн чоң сыр ачкандай сезген Гуревич журналисттин “кайсы күнөөңүз үчүн АКШда 5 жылдык мөөнөт өтөп жатасыз?” деген суроосуна ал бул тууралуу сүйлөгүсү келбей, Максим Бакиев экөөнүн ортосундагы мамиленин айынан отурам дегендей түр көрсөтүп, суроодон айланып качкан.

Чынында эл аралык шылуун, аферист Гуревич, Максим Бакиевдин эсебинен 6 миллион доллар уурдап алганы үчүн АКШнын абагында олтурат. Бул “айыбын жашырып, өзүн адилеттик үчүн күрөшүп, жашоосун жаңы барактан баштайм” деп өзүн “аппак” адамдай көрсөтүп, элди ишендирүүгө аракет кылган Гуревич бул жерден да бетин табактай кылып, "бокко тойгон короздой болуп" караандай калп айткан.

Баарынан кызыгы, “Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар уурдап кеткен”, деген Гуревич эмне үчүн так санды айтпайт?! Эмне үчүн ал сөз кылып жаткан активдер кандай эсептерге, кайсы өлкөгө, кантип чыгарылып кеткени тууралуу сөз кылбайт? Эгер ал ак экенине ишенсе, эмне үчүн болгон далилдерин анын ишин караган прокурорлорго берген эмес? Кыскасы, ал өзүн “ак карга” сезгени менен Кыргызстандагы чулгандуу иштердин башында ушул аферист турганын эч ким жокко чыгара албайт! Ошондой эле Гуревич аталган радиого берген маегинде “Кыргызстандагы нааразычылык жараткан экономикалык  иштер боюнча кылмыш болгон эмес”, деп ишендирүүгө аракет кылыптыр. Мунусуна жол болсун дейли...

Эгерде Евгений Гуревич айткандай Бакиевдер 200-300 миллион долларды Кыргызстандан чыгарып кеткени чын болсо, далилдери бар болсо, анда ал өзү да Максимдин схемаларынын катышуучусу болгонун кантип жокко чыгарат.

Гуревич болгон дооматты Максим Бакиевге оодара салып, өзүн актоого аракет кылганы менен анын ошол кездеги таасири тууралуу саясий талдоочу Александр Князев төмөнкү сөздөрдү айткан. “Гуревич Кыргызстанда өтө эле таасирлүү фигура. Керек болсо, Гуревич өзү кеңеш берген кишилеринен дагы таасирдүү, деп эсептейм” дегени бар. Ал тургай “Гуревич, Надель жана башка  фамилялардан турган топ, чын-чынына келгенде Максим Бакиевди башкарышат. Президенттин уулу Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан финансалык иштердин башкы фигуранты эмес, бар болгону катышуучусу гана болгон”- дейт Князев.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянсак, Евгений Гуревич өлкөдөгү уюлдук байланыш рыногунун негизги бөлүгүн ээлеген “Альфа Телекомго” ээлик кылып, “Азия Универсал Банктын” вице президенти, “Манас” аэропортунун жана “Электрстанциялар” ишканасынын тейлеген директорлор кеңешинин мүчөсү да болгону жазылган. Ал кызматтан чегингенде Евгений Гуревич жана “MGN group” компаниясына байланыштуу орус басылмалары дагы эл аралык финансылык чөйрөдөгү күмөндүү фигуралар Кыргыз экономикасына кийлигишкени тууралуу маалыматтарды жарыялашкан.

Эгер Гуревич өзү айткандай катачылыгын мойнуна алган, калпыс иштерге аралашканына өкүнгөн адам болгондо ага Орусияныны ички иштер министрлиги  издөө салмак эмес. Ал Максимди жана Бакиевдерди карлаган маек берсе эле өзү эл алдында акталып, жасаган иштери кечирилип калбайт. Ал ойду-тоону сүйлөбөй АКШнын же дагы башка соттордон эмес, абийир алдындагы соттон жана кудайдын сурагынан коркушу керек. Көп иштин башында туруп, майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп, жыйынтыгында мыйзамсыз иштердин баарын Бакиевдерге оодара салып, алардын чыныгы жүзүн ачып, китеп жазам деп суудан кургак чыгууга далалат жасаганы акылга сыйбаган жорук деп эсептейм.   

Урматтуу окурман, бул макала менен Бакиевдерди актайын, алардын арыгын тазалайын деген жокмун. Болгону, көп иштердин башында туруп, өз максатына жетип, каалашынча пайдаланып анан андагы катачылыктарды бирөөгө шылтап, өз максатына жетүүгө аракет кылган шылуундун аракеттери тууралуу сөз кылдым.

Себеби, мындай шылуундар бүгүн Кыргызстанды аралап, ал тургай алардын сөзү, кеби далилденбесе дагы кылмыш иши козголуп, элдин ыркын кетириши мүмкүн. Ошондуктан, бирөөнүн айтканына ишенээрден мурун, анын басып өткөн жолун, кылган ишин эске ала жүргөнүбүз оң деген ойду айткым келет. Болгону аферист Гуревич маегинде кыргыз элин караандай калп сөздөрү менен ишендирем деп, өзүнүн “кыпкызыл жинди” экендигин айгинелеп койду.  

Булак: NazarNews.kg

 

 


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83