www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокурордун орун басары жол жээгинде бараткан келинди өлтүрө сүзүп кетти

Кызгалдак Жакыпова 19-сентябрь 2018, 15:06

Борбордук Азия жаңылыктары


Прокурордун орун басары жол жээгинде бараткан келинди өлтүрө сүзүп кетти

16-сентябрда Өзбекстандагы Арнасай районунун прокурорунун орун басары Дильшод Каримов достору менен автожарыш уюштуруп, жол жээгинде бараткан 25 жаштагы келинди өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

«16-сентябрда Арнасай районунун прокурорунун орун басары достору менен жарыш уюштуруп, жыйынтыгында жол жээгинде турган 1993-жылкы сатуучуну сүзүп кеткен. Ал ошол жерде жан берди. Прокурордун орун басары азыр ооруканада», – деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Укук коргоо органдарынан прокурордун орун басары катышкан жол кырсыгынан жергиликтүү тургун мерт болгонун ырастап, бирок анда автожарыш уюштурулбаганын билдиришти.

«Прокурордун орун басары Дильшод Каримов Патакор-Жизак унаа жолунун 16-чакырымында баратканда аны бир машине ашып өтүп, дароо ылдамдыгын азайтып жиберген. Ошол учурда Каримов рулду башкара албай жол жээгинде бараткан Г.Эгамбердиева аттуу жаранды сүзүп алган», — деди укук коргоо кызматкерлеринин бири.

Прокурордун орун басары катышкан жол кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Өз булактардын маалыматына караганда, 28 жаштагы Дильшод Каримов кырсык болгон маалда атасынын унаасын айдап бараткан. Учурда ал жергиликтүү оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Дарыгерлердин айтымында, ал эсине келип, сүйлөөгө жарап калды.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83