www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамдепартамент: Казакстан «экстремизмге» каршы күрөштө дин эркиндигин чектеп жатат

Кызгалдак Жакыпова 20-сентябрь 2018, 16:42

Коом Борбордук Азия жаңылыктары


Мамдепартамент: Казакстан «экстремизмге» каршы күрөштө дин эркиндигин чектеп жатат

Былтыр дүйнөдө террористтик чабуулдардын саны кескин азайып, буга «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун алсырашы себеп болду. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин 19-сентябрда жарыяланган терроризм тууралуу ар жылкы баяндамасында айтылган.

Баяндаманын Казакстанга арналган бөлүгүндө өлкө «экстремизмге» каршы күрөшүүдө дин эркиндигиндеги чектөөлөрдү күчөткөнү жазылган. Анда мисал катары былтыр мыйзамга киргизилген террористтик кылмыштар үчүн жарандыктан ажыратуу тууралуу өзгөртүүлөр келтирилген.

Баяндаманын авторлору өлкөдө «экстремизм» айыбы менен соттолгондор менен алардын туугандарын реабилитациялоо боюнча программалар ишке ашып жатканын, бирок анын жыйынтыктары так белгисиз бойдон калып жатканын белгилешкен.

Алардын пикиринде, башка өлкөлөрдөгү согуштарга катышып келген адамдарга карата казак бийлиги эки башка мамиле жасоодо: бул багытта көрүлүп жаткан чаралар алардын айрымдарын реабилитациялоого, башкаларын камакка алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, жалданмачылык жана башка өлкөлөрдөгү куралдуу согуштарга катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Булак: "centralasian.org"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83