www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күч органдары чалажан болуп, президентти уят кылышууда

Кызгалдак Жакыпова 29-сентябрь 2018, 15:27

Саясат


Күч органдары чалажан болуп, президентти уят кылышууда

Бир канча айдан бери  Башкы прокурор, УКМК жана Антикоррупциялык кызмат жетекчилигине нааразы болгондор арбыды. Президент койгон коррупция менен күрөшүү тапшырмасын так жана толук кандуу аткара алышкан жок.

Парламентке барып ал жерде өздөрү суракка түшкөндөй  байкуш боло калышкандарычы. Алты айдан бери Манас Арабаевди колго түшүрө албай, президентти катуу уят кылышты. Мамлекет башчы “мен сотторго кийлигишпейм, Манас Арабаевдин заманы бүттү” дегени менен, ал камакка азыркы күнгө чейин алына элек.

Кулматовдун уурулук кылганын далилдей албай, аны жыйырма жыл мурун мыйзамсыз паспорт алган деп соттоп атканы жүз миңдеген эки паспорту бар кыргызга жаккан жок. Күн өткөн сайын, абакка түшкөндөргө элибиз жан тартып, боору ооруп баштарында күмөн жок.

Мына, Сапар Исаковдун  аялы “жалгыз квартирабызды саттык” деп, байкуш кембагал болуп калганын көрсөтүүдө. Ал квартира элиталык үйдө, Өмүрбек Текебаевдин квартирасынан эки эсе чоң болгонун, анан аны Исаков соттолору менен мамлекет  конфискация кыла турганын айтышпайт.

Булак: "Жаңы Ордо"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83