www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майыптыгымды билген курбум батиримди тартып алган

Перизат Кутманалиева 29-сентябрь 2018, 17:45

Маек


Майыптыгымды билген курбум батиримди тартып алган

Роза Бегалиева Канттын карапайым кызы. Мектепти аяктаган кезден тарта өз турмушу үчүн жан үрөп соода менен алектенген, иши жүрүшүп Казаксанда байып, дос тааныш күткөн. Бирок 27 жашында тагдырдын оор сыноосуна кабылып, унаа коюп кеткенден кийин буту баспай коляскага отуруп калган.

Учурда Бегалиева жиптен буюм-тайым, кийимдерди токуп, бул боюнча сабак берүүнү пландап жаткан учуру. Мындан сырткары, визиттик карточкаларды даярдап, видео монтаж жасап, ар темадагы семинар, тренингдерден калбай катышып, өз жашоосун көрктөп жаткан учуру.

45 жаштагы Роза Бегалиева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тагдыры тууралуу маек куруп, майыптыкка моюн сунган кыйын күндөрү тууралуу айтып отурду.

— Алгач өзүңүз жана үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мугалимдин кызымын, ата-энем мектепке кызмат кылган адамдар. Үч эркек, эки кызды тарбиялап өстүрүштү. Менден кийинкиси кыз. Тагдыр экен, бир байкем 28 жашында ток уруп каза тапты, өзү электрик болчу. Үч-төрт жыл мурда дагы бир агамдын жүрөгү токтоп каза тапты. Атам он жыл мурда ашказан рагынан көз жумган. Азыр апам, сиңдим болуп чогуу жашайбыз. Бир агам кошуна турат.

8-классты аяктаганда медициналык училищеге тапшырып өтпөй калдым. Андан кийин окууга деле умтулган жокмун. Тигүү цехтеринде, чайханаларда иштедим. Кийин Казакстанда туугандарыбыз менен беш жылдай соода кылдым. Тараздан Алматыга желим пакеттерди сатып тиричилик кылчубуз. 

— Ал жактан жакшы эле каражат таптыңызбы?

— Эстесем бир сүйүнүп, бир кайгырып алам. Соода кылган киши кантип кедей болсун? Казак курбу кызым менен биргеликте эки бөлмөлүү батир алганбыз. Мен Кыргызстандын жараны болгондуктан ага каттаткан болчубуз. Мен минтип майып болуп калганда жүз буруп кетти, абдан нес абалда калдым. Үйдү сатып мага жарым акчасын бер десем, кааласаң "соттошуп ал" деп айткан. Болбосо ал убакта операция жасатканга каражат таппай карайлап тургам. Ошондо баары бир буйрубайт деп зээним кейиген. Ал кырсыктаса орто жолго таштамак эмесмин, керек болсо кийин издеп бармакмын. Ал курбумду тууганым менен тең көрчүмүн. Эки-үч жыл мурда курбум ошол батирде каза болгонун уктум, себебин деле тактабадым.

Кырсыктаган учурда көп кишинин анык жүзүн көрдүм. Кыйын кезеңде ата-эне, бир тууган, жакындарыңдан башка эч ким деле көңүл бурбайт экен.

— Ошол каргашалуу күндү айтып берсеңиз.

— Базарда тиричилик деп жүргөн убак эле. Унаа өткөн жолдо жайгашкан жол чырак менен жөө адамдар өтүүчү чийинди көзгө илбей ортосунан өтө калайын дегем, дүңк эле дей түштү. Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин. Машине артыман сүзүп, натыйжада кабыргам сынып, алар ички органдарды тешип, жүлүнүм кысылып калыптыр. Операцияда көк боор толук алынып, калган органдар жарым-жартылай кесилиптир. Бир суткадан кийин өзүмө келе баштадым, али дем алдыруучу аппараттын жардамы менен аба жутуп жаттым. Эмнегедир бутумду сезген жокмун. Дарыгерге бут жагымды карагылачы деп жаңсадым. Алар аппарат менен текшерип жүлүнүм кысылып калгандыгып айтышты. Ошондо эле бутума таасир бере тургандыгын билдиришкен.

Ата-энем Бишкектен дарылатмай болуп Казакстандан алып кетишти. Бул жактан дарыгерлер начар карады, 10 күн бою жылдырбай жаткыра берип жамбашымды жара кылып салышты. Ал айыкмайынча бел омурткаларына операция жасаганга болбойт деп, капталдатып жаткырып коюшту. Ошону күтүп үч ай жатып калдым, жүлүн болсо биротоло кысылып калыптыр. Кийин операция жасатканым менен бутум баскан жок. Ошентип коляскага отуруп калдым. 

— Майыптыкка моюн сунуу кыйын болсо керек?

— Ата-энем, бир туугандарым майыпсың деп бөлүшкөн жок. Өңгөчө атам базарга барса да москвичине отургузуп алчу. Конок дегендерден калчу эмесмин. Мени караган дарыгер ар дайым "колу-буту мунжу болуп, тилден калгандар бар, шүгүр кыл" деп менден төмөндөргө салыштыруу менен стимул берчү.

Бирок түпкүрүңдө өзүңдү майыпмын деп кабыл алуу кыйын экен. Төрт жыл үмүтүмдү үзгөн жокмун. Элдик дарыгер, бүбү-бакшы, молдо дегендердин бардыгына кайрылдык. Кийин атамдын өлүмү үмүттү үздү окшойт. Мурдагыдай мал багып, чарбачылык кылып, оокатыбызды кыла албай калдык. Жер тилкебизди да сатып ийдик.

— Бирок бир нерсе менен алектениш керек болду да. Токуганды кантип үйрөндүңүз?

— Апам бизге орустардын колунан чыккан токулган кийимдерди алып келип берчү. Ошолордун токулушун жакшылап караштырдым, журналдарды да карап чыгып үйрөнүп кеттим. Азыр кийим-кечектерди интернет аркылуу жарнамалап өткөрөм. Антпесек сата албай кыйналабыз. Борбордо токулган кийимдерди алып саткан дүкөндөр иштесе бизге жакшы болмок. Көптөн бери ушул маселени ойлонуп жүрөм. 

— Коомдук бирикмелерге мүчө болуп, тренинг, семинарлардан да калбай катышып турат экенсиз…

— Майып болуп калган убакта үйдөн чыкчу эмесмин, жадакалса бут кийим да жыртчу эмес экенмин. Жайдын күнү эле күндү көргөнүм болбосо, калган убакта терезени тиктеп кийимдерди токуп отурчумун. Ошентип 15 жылым үйдөн өттү.

2013-2015 жылдары кыргызстандыктар интернетке активдүү кирип баштаганда өзүмө окшогон Гүлзар аттуу кыз менен таанышып калдым, ал мени республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар чыгарылган мекемеге чакырды. Ал жакта майып кыздардын атайын бөлүмү бар экен. Ошондогу тааныштар аркылуу майып кыздардын жөө жүрүшүнө катыштым. Көрсө мага окшогон кыздар толтура тура, кийингендерин, боенгондорун көрүп оозум ачылды. Анан мен дагы сырткы келбетиме кам көргөндү үйрөнө баштадым.

Азыр ар кандай темадагы тренинг, семинарлардан калбайм. Токуу боюнча адис болдум деп ойлойм, учурда каалоочулар үчүн курс ачып жатам. Жакында эле өзүм мүчөлүк кылган ЛОВЗ принт бирикмеси менен визиттик карточка менен видео монтажды жасаганды үйрөндүм. Буюрса бул иштерди да колго алам деп ойлойм.

Бир гана жол маселеси кыйын болууда. Канттан Бишкекке чейин күндө такси менен келүү түйшүк, ошондуктан өзүмө окшогон курбу кызым менен борбордон батирге чыгууну пландап жүрөм. 

— Кыскасы бош убактыңыз аз турбайбы?

— Жашоомду кызыктуу өткөрүүгө аракет кылам. Бош болгондо кыздар менен кафеге, тоого, киного барып эс алып келебиз. Үч миң пенсия эмнеге жетсин, болушунча сарамжалдуу кечелерге барганга аракет кылам. Бөлө келгенде 200-300 сом болгудай жерлерди тандайбыз. Экинчиден ыңгайлуу жерине карайбыз. Биздей адамдардын бийик кабаттан түшүшү азап. Бирок кайрымдуу адамдар көп, жардам керек болсо чуркап келишет. Маселен кетип бараткан адамды токтотуп алып көчөдөн өткөрүп кой же такси чакырып бер десең баш тартпайт. Ошол эле учурда кайдыгер мамиле кылгандар да жок эмес. Өткөндө апам менен дүкөнгө кирели деп тепкичтен коляскамды жылдыра албай калдык, маңдайыбызда 7-8 класста окуган кыздар карап турат, ачуум менен "эмне турасыңар" дедим эле, бирөөсү чуркап келди.

— Көбүнчө такси менен жүргөнгө туура келет экен. Бир жагынан каражаттан, экинчи жагынан кооптулугунан кыйналсаңыз керек. Себеби мурда мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын бири менен маек курганымда ушул көйгөйдү айтып берген.

— Таксисттерге ишенбей айылдаштарыма суранам. Ар кандай болуп кетиши ыктымал, өткөндө бир майып кызга таксист тийишкен экен. Эл каттаган маршурткага бир-эки жолу түшүп жүдөдүм. Ал үчүн бирөө коляскаңды артка киргизип, дагы бирөө сени көтөрүп ичине отургузушу керек да. Такси чакырганда деле бизди көтөрүп салыш керек. Айрым айдоочулар макул болсо, кээси "белим, бөйрөгүм ооруйт" деп шылтоо табышат.

Азыр бир жакка бараарда тепкичтен чыга аламбы, жардам бергендер болобу деген ойлор болот. Өзгөчө бейтапканага барганда кыйналабыз. Көп жерде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарттар түзүлгөн эмес. 

— Дарыгерге бат баттан көрүнүп турасызбы?

— Алты айда бир канымды текшертип, ички органдарды маалы менен тарттырып турам. Бутта жан жок, кесип алса да сезбейт. Былтыр байпак кием деп жатып катуурак тартып жибердим эле, жамбаштан сынып кетиптир. Буттун сөөктөрү жумшарып, эбак кальцийи кеткен экен. Шумдук челектей шишиди, көрүп жүрөгүм түшүп калды. Бутум сезбегени менен башым зыңылдап ооруду, дарыны кооштоп ичип жаттым. Ошентип үч ай төшөктө жатып калдым. Андан айыккандан кийин керебеттен түшөм деп колум тайып кетип томугум сынып калды. Ушундай оор учурларда ооруканага араң жатып аттым. Дарыгерлер алдын ала жазылбайсыңарбы дейт, биз кырсык качан болоорун билбейбиз да, туурабы?

— Аялдык турмушуңуз тууралуу кеп кылсак.

— Басып жүргөндө жигитим бар эле, баспай калганда бардыгы жүзүн бурду. Кырсыкка чейин деле турмушка чыгып, балалуу болушум керек деп ойлонбоптурмун. Акча азгырып жүрдү да. Апам турмуш кур деп кулагыма куйчу. Мен отузга чыгып деле жетишем дечүмүн, ага да жетпей калбадымбы. Коляскада отуруп деле түгөйүн таап, турмуш кургандар болот экен. Бир эки таанышымды көрдүм. Негизи отуз бештерде төрөп алсам болмок экен деп кейийм. Азыр эми кеч болуп калды го… 

— Эмне тууралуу кыялданасыз?

— Жол жүргөндөн кыйналдым. Тыпырайган унаа болсо алып алайын дегем. Апама насыя албайлыбы десем, ары турчу деди. Албетте бул материалдык муктаждык. Колумдан келсе өзүм сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарга жардам бергим келет. Азыр жолуккан кызга эле токуганды үйрөтөйүнбү дей берем. Майып болгондон кийин өтө боорукер болуп калат экенсиң, өзүмө окшогон кыздарга кеп-кеңеш айтып, психологдой кеңеш берип коем.

Булак: "Спутник кж"
 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83