www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО: Хабибдин беттешинен кийин Камчыбек Ташиев күндүн жылдызы болду

Кызгалдак Жакыпова 08-октябрь 2018, 11:35

Спорт


ВИДЕО: Хабибдин беттешинен кийин Камчыбек Ташиев күндүн жылдызы болду

Коомчулук көптөн күткөн Хабиб Нурмагамедов менен Конор Макгрегордун беттешинде Хабиб чемпиондук курун сактап кала алды.

Буга чейин Конордун тарапташтары Хабибдин командасына жана жеке өзүнө кемсинтүүлөрдү айтып келишкен. Кемсинтүүлөргө кабылган Хабиб атасына ,динине, улутуна шек келтирген Конордун тарапташтарына кулак салбай келген кечээ Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин алкагында Нурмагомедов Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, наамын коргоп калган.

Беттештен кийин Нурмагомедов ачуусу менен буга чейин эле намысына тийип жүргөн Макгрегордун спарринг-өнөктөшүн тордон секирип барып тээп-чаап жаңжал чыгарган. Мунун кесепетининен массалык мушташ чыгып полиция кызматкерлери Хабибдин үч кишисин камакка алган.

Маалымат жыйында Нурмагомедов эмнеге андай кадамга барганын түшүндөргөн.

Макгрегор болсо камалгандарга карата арыз жазуудан баш тартып, доомат койбой турганын билдирген.

Мындан да кызыгы Хабибдин тарапташтары аны канчалык колдоого алып сый көрсөтөөрүн билдирүү үчүн ар кандай ойго келбеген кылык жоруктары менен элдин эсинде калды. Алардын бири саясатчы Камчыбек Ташиевдин жазганы элди кыраан күлкүгө салды. Саясатчы өз сөзүндө “Хабиб өзүбүздөн турбайбы, тосмодон ашып түшүптүр”- деген сөзү менен күндүн жылдызы болду.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83