www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын устуканы эми Фарид Ниязовго тартылабы?

Кызгалдак Жакыпова 20-октябрь 2018, 14:49

Саясат


 УКМКнын устуканы эми Фарид Ниязовго тартылабы?

КСДПнын тең төрагасы Фарид Ниязов, коомчулукта тымызын көп нерсени башкарып көшөгө артында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди өзү каалагандай калчап келген.

Бүгүнкү күндө эч нерсе билбегендей, эч нерсеге тийешеси жоктой сыр көрсөтүп эл арасында аш-тойдо жүргөн маалы. Буга далил катары бир нече ай мурун эле мурдагы Ажобуз Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө ичинде кири жок карапайым эл кол булгалап, туулган күнүн кош колдоп куттуктап атса, өлөөрүнөн башкасын билген Фарид Ниязов катардан сыртты көздөй качып Атамбаевдин жанынан көрүнгүсү келбей тургандыгы тасмадан көрүнгөн эле.

Алсак үзөңгүлөш жүргөн азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортосуна чок салган жана коюлган чокту тутандырган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдор тор артына камалганы жалпыга маалым.

Бүгүнкү күндүн темасы болуп, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы, легендарлуу айдоочусу  Икрамжан Илмиянов камалып коомчулукту таң калтырса, эмки кезек Фарид Ниязовго жете тургандыгы каңкууланууда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83