www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүркулов КСДПны Атамбаевден ажыратуу тараптагыларга өткөнү чындык экен

Кызгалдак Жакыпова 26-октябрь 2018, 14:12

Саясат Спорт


Өмүркулов КСДПны Атамбаевден ажыратуу тараптагыларга өткөнү чындык экен

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, партия лидери Атамбаевдин жакын досу Иса Өмүркулов дагы досунан биротоло ажыроо чечимин чыгарса керек. Ал “Атамбаевсиз КСДП” урааны менен чыгып, партиядан экс-президентти кууп чыгууну көздөгөн Сагынбек Абдрахманов баштаган топ менен жолугушканда ичтеги кайнап жаткан бугунун четин чыгарыптыр.

Иса Өмүркулов демилгечилерге “Силер эч кимден коркпой чыктыңар. Көздөгөн максатыңар, көтөргөн идеяңар, жасап жаткан ишиңер туура. Партияны ууру-кескилерден, КСДПны жамантты кылган арамзалардан тазалаш керек. Партия бир адамдын менчиги болбоого тийиш” деп айтканы эле Атамбаевдин жанына жологусу келбей калганын билдирет да.

Азыр парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Абдрахманов тарап болуп жатканы, ага колдоо көрсөтө турганын билдиргени да Атамбаевдин партиялык ишмердигинин күнү батып баратканынан кабар берет. Кожобек Рыспаев болсо өзүнүн балдарын демилгечилер өткөргөн Кара-Балтадагы жыйынга жөнөтүп, дем берип жатканы да чындык болууда.

КСДП ушул темп менен кетсе, жакынкы убактарда жаңы лидерге ээ болуп калышы мүмкүн болууда.

Булак: "Жаңы Ордо"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83