www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жоо кеткен соң «баатыр» болуунун кандай кажети бар?

Кызгалдак Жакыпова 31-октябрь 2018, 17:29

Саясат


Жоо кеткен соң «баатыр» болуунун кандай кажети бар?

Жакында «Марал ФМ» радиосуна ИИМдин экс-министри Мелис Турганбаев маек куруп, Бакиевдин маалында Президенттин аппарат жетекчиси Медет Садыркуловго белек катары берилген «кулак» менен «сөөмөй» боюнча айтыптыр.

Төбө чачты тик тургузган бул окуя боюнча учурунда абдан катуу сөз болуп, кандуу режимдин маалында элдин үрөйү аябай учкан.

Бирок бийлик тарап «дың» этпегендиктен айтылган сөздөр оппозиция чыгарган ушак катары кабыл алынып, лидерлерге көө сыйпалып бүткөн.

Эми ошону Мелис Турганбаев өзүнүн эрдиги катары айтып, ооз көптүрүп отурат. Кылмыштын бетин ачкан экен, бирок элге чыгарбаптыр.

Мына Турганбаевдин өңү. Кыйын экен «кулак менен сөөмөйдүн» «авторун» эмнеге ошондо ачык айткан эмес?

Себеби, айта албайт болчу. Айтты дегиче алар Турганбаевдин эки бутун бир кончуна тыгып коймок. «Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» демекчи, кар жаап из басылгандан кийин аны козгоп «баатыр» болуунун кандай кажети бар?

Булак: "Мантыш"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83