Жазгүл Урманбетова 30-ноябрь 2018, 15:19
Атамбаев президент кезинде КСДПдагы депутаттар бүгүнкүдөй тескери сүйлөмөк тургай жылмайып учурашканына зар эле. Башын ийкеп учурашып калса, “шеф башын ийкеди” дешип каниет кылышчу. Эми болсо, кырдаал өзгөрүп, Атамбаевге баштагыдай кошомат кылгандар жок болуп, аны каралаганды адатка айландырышкан. Кошоматты катыра кылып, кечээ күнкү абалын унуткан саясатчыларга кыжырың келгени менен бир туруп Атамбаевге чала болду дегиң келет. Анткени, көп саясатчыларды далили жок каматып жиберип, убалына калды. Камалган саясатчылардын апасынын, аялынын, балдарынын көз жашын төктүрдү. Алдын мууздатып, чала өлүк кылды. Артын каматып, онтоп ооруп жатканын да этибар алган жок. Айтор, камаган жактан карысын да, жашын да аяган жок. Башкасын кой, Садыр Жапаровду атасына да топурак салдырбай, мерездиктин жеткен чегин көрсөттү.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!