www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мас абалындагы врач кош бойлуу айым менен анын наристесинин өмүрүн алды

Айдар Нуралиев 30-ноябрь 2018, 17:01

Дүйнө жүзүндө


Мас абалындагы врач кош бойлуу айым менен анын наристесинин өмүрүн алды

Индиядагы Гуджарат штатында дарыгер, кызуу абалында операция жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу AsiaOne билдирет.

22 жаштагы айымды толгоосу башталганда ооруканага жеткиришкен. Аны кесарево ыкмасы менен төрөттүрүүнү чечишкен. Операциядан соң айымдын туугандарына баланын набыт болгонун билдиришкен. А жаш эне төрөттөн кийин катуу кан жоготууга учураган. Аны жеке ооруканаларга жиберишкен, бирок, ага жетпей жолдо каза болгон.

Операцияны 15 жылдык стажга ээ болгон тажрыйбалуу врач жасаган. Оорулуу каза болгон соң, анын туугандары мага асылышпасын деп милиция чакырган. Келген милициялар дарыгердин дем алуусун атайын аппараттар менен текшерип, анын мас абалда болгонун аныкташкан жана камоого алышкан.

Учурда өлүмдүн себептери изилденип, тергөө иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83