www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастанбек Жумабеков Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла Бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды

Айдар Нуралиев 30-ноябрь 2018, 17:22

Саясат


Дастанбек Жумабеков Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла Бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси  Абдулла Бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды деп билдирет Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүн башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним артарын кошумчалады.  

Ошондой эле Төрага Кыргызстан Катар менен болгон достук мамилеге өзгөчө маани берерин белгилеп, ар тараптуу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыктын алкагындагы байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Андан тышкары, Жогорку Кеңеште Катар мамлекети менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу иш алып барарын да маалымдады.   

Ал эми соода-экономикалык алакаларга токтолгон Дастанбек Жумабеков эки өлкө ортосундагы түз авиакаттамдын ачылышын колдой тургандыгын айтып, аталган маселе Жогорку Кеңеште каралганын кошумчалады. Түз авиакаттамдын ачылышы туризмди өнүктүрүүгө, эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана кыргыз экономикасына катар инвестициясынын келүүсүнө өбөлгө болорун билдирди.

Өз кезегинде Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси  Абдулла Бин Ахмед Аль-Сулайти жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрагага ыраазычылык билдирип, инвестиция тартуу жаатындагы пландары менен бөлүштү. Ошондой эле элчи жакынкы аралыкта Катар мамлекетинин жетекчилиги Кыргызстанга расмий иш сапар менен келүүнү пландап жатканын айтып, анын алкагында бир катар узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлор талкууланарын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков элчиге ийгиликтерди каалап, андан Катардын Аш-Шура Межлисининин (парламент) Төрагасын Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыруусун өтүндү.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83