www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тележурналист Нурдин Мотуев президенттен эки мүнөттүк жолугушууну суранды

Айдар Нуралиев 30-ноябрь 2018, 18:08

Саясат


Тележурналист Нурдин Мотуев президенттен эки мүнөттүк жолугушууну суранды

Ал президент Сооронбай Жээнбековго болгон өзүнүн өтүнүчүн социалдык тармагына жүктөдү.

-Урматтуу президент мырза! Өзүмдү тааныштырсам замандашыңыз Нурдин Мотуев-кыргыз телевидениесинин отличниги! Эки алтындай болгон көчөт кыздардын атасы! Бармактайдан баш кошуп, 30 жылдан бери тажабай жашап келе жаткан Сүйүктүү айымдын жары! Кардиологияда учётто турганына карабай кең жүрөгүнө сан миң ааламды батырган, 70ке таяп калган АПАнын эрке баласы! Кыргыз найзакерлеринин акыркы өкүлү Моту баатырдын небереси! Репрессия курмандыгы болгон атасынын арманын ичинде алып кеткен Аманкандын ортончу уулу! Атамбаев мырзанын "алагүү саясатынын" курмандыгы, чоң атанын небереси, баатыр мүнөз Нурландын таянган иниси! Ак эмгеги менен кара жанын карч уруп, баласынын жарым жетимдигин билгизбей, бардар коррупционерлердин балакайларынан кем калтырбай бапестеген Жумабегинин бардар келечегине ишеним арткан Назиранын таянган агасы! Келээрки жылы 30 жылдыкты абийир менен тособуз деп Чаекте көзгө көрүнөөрлүк жумуштарды жасап салышкан классташтарымдын таянган классташы! Колуна балта-чот карматып, кой мууздатпаган кайын-журттун эрке баласы! Түшүнүксүз жагдайда иниси Илимдин эркелеп койгонун көтөргөн чаектик байкеси! Чет өлкөгө жыргал жашоого чакырган досторуна жүрөгү оорукчан апасын кыйып кете албаган жумушсуз кыргыз! Бар болуп келип жок болуп кеткен, сөздөрү куйкум, өздөрү комик достордун ишенген досу! Студент кезде үй сатып алган бизнесине кайтып баргысы келбеген кыялкеч жазмакер! Эми оңосо керек деген президенттерине алданып, ишеничсиз жетекчилерге ишеними жоголгонуна карабай жаңы келген президентке ишеним арткан тележурналист! Журтубуздун жети бурчунда жетимсиретпеген адамгерчиликтин жогору үлгүсүндөгү санаалаш адамдардын сыйлуу, сыймыктанчу мейманы! Кыргыз хоккейин түптөп, жоктон барды жасаган команданын негиздөөчүлөрүнүн бири! Кыргыздын келечегине терең ишеним арткан, колдон келген жардамды аябай турган, Мекени кайда жумшаса аткарганга дайым даяр турган уулуңар! Сизди президенттик кызмат ордуңуз менен куттуктайм! Мамлекеттин жүгүн аркалаш оңой эрдик эмес! Кажыбас кайрат, күч керек! Сиздин таянганыңыз ЭЛ! Кара кылды как жарган калыстыгыңыз керек! Чаарбаштын баарын бириктирген ынтымагыңыз керек! Улуу көч -Кыргыз көчүн түз жолго багыттаңыз, артыңызда Сизге терең ишеним арткан элиңиз турат, анын ичинде мен да бармын! Ийгилик каалап Нурдин Мотуев...

p.s. Алтындай убактыңызды бөлүп, кабыл алууңузду сурайм! Эки ооз сөзүм бар... motuevnurdin@gmail.com

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83