Жазгүл Урманбетова 03-декабрь 2018, 17:04
Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыктан эки аял ооруканага жеткирилип, бири каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2-декабрда саат 19:40 чамасында Каракол-Балыкчы унаа жолунун 121-чакырымындагы Семенов айылында болгон. Анда Каракол шаарынын 29 жаштагы Л.Э. аттуу тургуну өзүнө тийиштүү Субару Форестер унаасы менен Бишкектен Каракол шаарына бара жатып, эки аялды сүзүп алган.
"Кырсыкка кабылган эки аял Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын 68 жаштагы жана 70 жаштагы тургундары экени белгилүү болгон. Алар окуя болгон жерден "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилип, 68 жаштагы аял бейтапканадан каза болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти ЖКК бөлүмүнөн.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!