www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урмат Самаев: “Канатбек Исаев парламенттик шайлоого даярдыкты баштады”

Кызгалдак Жакыпова 07-декабрь 2018, 10:05

Саясат


Урмат Самаев: “Канатбек Исаев парламенттик шайлоого даярдыкты баштады”

Бу эл өкүлү парламенттеги ашынган активист депутат болбосо дагы маал-маалы менен социалдык тармактардагы көйгөйлөр, ага удаа кичи мекениндеги түйүн болуп чечилбей келе жаткан маселелерди көтөрүп калмайы бар. Биз бул сапар анын саясаттагы устаты Канатбек Исаевдин тегерегинде баарлаштык.

-Урмат мырза, алдыдагы парламенттик шайлоого лидериңиз Канатбек Исаев өзүнчө топ түзүп, шымалана даярдык көрүүгө өткөнү сөз болууда. Чүй лидеринин «өздүк кадры» катары бул жагынан кандай ой айта аласыз?

– Канатбек Кедейканович лидер болгон соң, болгондо да элибиздин өзөктүү, данеги бар тыңчыкмасы катары алдыдагы парламенттик шайлоого даярданып жатса керек. Азыр жеке эле Канатбек Кедейканович эмес, өлкөдөгү баардык баш көтөргөн, дымактуу саясый күчтөр алдыдагы парламентгик шайлоого камынып жатышат. Бул эми саясый күрөшкө болгон алдыртан байкалган тактикалар эмеспи. Кудай буюрса, биздин кубаттуу «Кыргызстан» партиясы дагы жарышка катышуу өнөктүгүн баштайт. 2020-жылда лидерибиз Канатбек мырза дагы саясый күрөшкө өзүнүн партиясын алып чыкса керек. Ал киши да азыр акырындан даярдыкгы баштады.

– Эгерде Канатбек Исаев Шакисиз (алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов) өзүнчө топ түзсө, жарыштан алдыга озуп, элдин колдоосун алганга жетишеби?

– Калыгул, дайыма ушундай интригадан кеп козгойсуң. Сен азыр «Шаршенбек Шайлообекович менен Канатбек Кедейкановичтин кимиси утат?» дегендей кьшып интригадан кеп козгоп жатпайсыңбы…

– Реалдуу эле суроо бергеним, интригасы жок эле…

– Ошондой эле сөздөрүң какшык аралаш. Сени билем да, Каке! Азыр эми «тигил же бул күчтүү» деп айтканыбыз эртерээк болуп калат. Көзү ачыктык кылгандын кереги жок. Чынында экөө тең күчтүү лидерлер. Муну моюнга алуу керек. Аталган эки лидер парламенттик жарышка өз алдынча барган күндө дагы экөө тең бери дегенде эң кеминде командасындагы талапкерлерден парламентке 15тен кем эмес эл өкүлү менен келишет.

Калыгул Бейшекеев

Булак: "Азия Ньюс"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83