www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Премьер-министри жана Жогорку соттун төрайымы менен жолугушту

Кызгалдак Жакыпова 31-декабрь 2018, 15:20

Саясат


Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Премьер-министри жана Жогорку соттун төрайымы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда, Жаңы жыл алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.

Мамлекет башчысы аларды Жаңы жыл менен куттуктап, 2018-жыл жалпысынан натыйжалуу болгонун белгиледи.

Ал мыйзам чыгаруучу, аткаруу жана сот бийлигинин мамлекеттин өнүгүшүнө жана элдин бакубатчылыгына багытталган эриш-аркак иш-аракетин белгилеп өттү.

«2018-жылы пландар коюлуп, өлкөнүн бардык жашоо тармагында реформаларды жасоого негиз түзүлдү. Алдыбызда бул пландарды ишке ашыруу, мамлекетти өнүктүрүү, жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча чоң милдеттер турат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өлкөгө өнүгүүнү, ал эми кыргызстандыктарга бакубатчылык каалады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83