www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артыкбаевди аппак дегенден алыспыз

Кызгалдак Жакыпова 11-январь 2019, 13:30

Саясат


Артыкбаевди аппак дегенден алыспыз

ЖЭБдеги коррупциялык схема ачыкка чыгып калып, күнөөлүү катары камакка алынган Осмонбек Артыкбаев тууралуу оң маанайдагы пикирлей социалдык тармактарда байма-бай жарыяланып жатат. Ага ичи тардыгыбыз деле жок. Кезинде эли үчүн, мамлекет үчүн пайдалуу иштерди кылыптыр. Аны жарыялап жатышканын туура эле кабыл алабыз. 

Ал тургай адам катары жөнөкөй, бой көтөрбөгөн адам болгонун да жокко чыгара албайбыз. Ал тургай айрым жарандар кайрылса, бекер дары -дармек берээрин да эшиткенбиз. Улам бир дарты козголуп, аны сакайтса экинчиси күч алып, бир эмес, эки жолу операция болгонунан да кабардарбыз. 

Анын ЖЭБдеги миллиондорду жымырып алган ишке тиешеси бары же жогун биз эмес сот аныктаар. Бирок, аны аппак дегенден алыспыз.   

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83