www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылы КР Өкмөтүнүн Аппаратына жарандардан 5 986 кат түрүндө жана 2 989 оозеки кайрылуу келип түшкөн

Кызгалдак Жакыпова 11-январь 2019, 10:52

Саясат


2018-жылы КР Өкмөтүнүн Аппаратына жарандардан 5 986 кат түрүндө жана 2 989 оозеки кайрылуу келип түшкөн

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарандардан 5 986 кат түрүндө жана 2 989 оозеки кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 531 (8,87 %);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 763 (12,74 %);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасынан – 1 299 (21,70 %);

- электрондук кайрылуулар – 1 341 (22,40 %);

- КМШга мүчө-мамлекеттерден жана алыскы чет өлкөлөрдөн – 65 (1,08 %).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасында 274 жаран жеке маселеси боюнча кабыл алынган.

2017-жылга салыштырмалуу кайрылуулардын саны 794кө көбөйгөн (15,3 %). Бул электрондук кайрылуулар боюнча интернет-сайттардын ишке киргизилиши жана бийлик органдарына карата жарандардын ишеним деңгээлинин жогорулашы менен түшүндүрүлөт.

Белгилей кетсек, кайрылуулар республиканын бардык аймактарынан келип түшөт. Кайрылуулар, арыздар жана сунуштардын көп бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан – 2 233 (37,30 %), андан соң Чүй облусунан – 1 005 (16,78 %) жана Жалал-Абад облусунан 662 (11,06 %) келип түшкөн.

Кайрылуучулардын негизги бөлүгү – пенсия курагындагы кары адамдар жана башка социалдык жактан корголбогон жарандар болуп саналат. Алар тараптан козголгон кайрылуулардын темасы кеңири саналып, жашоонун бардык тармактарына тийиштүү саналат.

Алардын ичинен негизги сегиз топту бөлүп көрсөтсө болот, атап айтканда:

- турак-жай маселеси – 954 (15,94 %);

- социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөкпулдар жана материалдык көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылуулар – 563 (9,4 %);

- прокуратура маселеси – 378 (6,31 %);

- билим жана илим маселеси – 368 (6,14 %);

- Ички иштер министрлигинин маселеси – 287 (4,79 %);

- жеке кабыл алуу – 266 (4,44 %);

- курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба маселеси – 252 (4,21 %);

- саламаттык сактоо маселеси – 237 (3,96 %).

Жарандардын айрым кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомстволорунда кат ээлери тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү иликтеп чыгуу жана келтирилген фактыларды текшерүү үчүн жумушчу топтор түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83