Жазгүл Урманбетова 11-январь 2019, 11:28
Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Футбол боюнча Азиянын Кубогуна арналган беттештердин бүгүн, 11-январдагы тайпалык раундунун 2-турунда 3 матч белгиленген. Бүгүнкү оюнду Дубай шаарында Палестина менен Австралиянын курама командалары башташат. Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да Абу-Даби шаарында Кытай жана Филиппин курама командалары оюн талаасына чыгышат. Бишкек убактысы бонча саат 22:00дө Аль-Айн шаарындагы стадиондо Кыргызстандын футболчулары Азия Кубогундагы экинчи беттешти Кореянын командасына каршы баштайт. Ал эми оюнду ФИФАнын Хаммис Мухаммед Аль-Марри жетектеген реферлери (Катар) тейлейт. Эске салсак, Кыргызстандыктар биринчи беттешинде Кытайдын курама командасына жеңишти алдырган болчу.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!