Жазгүл Урманбетова 11-январь 2019, 12:42
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 15-январдагы жыйынында АКШга, Россияга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчилерди дайындоо маселесин карайт.
Массалык маалыматтарга чыккан материалдарга ишенсек, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматына Канайым Бактыгулова, Россиядагы элчи кызматына Аликбек Жекшенкулов, Түштүк Кореядагы элчиликтин жетекчилигине Динара Кемелова жана АКШдагы элчи кызматына Болот Отунбаевдин талапкерлиги каралууда.
Белгилей кетсек, Кемелова учурда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары болсо, Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп 2016-жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан сырткары, 2017-жылдан тарта Норвегия, Швеция жана Дания мамлекеттеринде Кыргызстандын өкүлүнүн милдетин аткарып келген.
Ал эми Канайым Бактыгулова буга чейин 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенип, 2005-2007-жылдары ТИМди башкарган.
Тышкы иштер министрлигинин 2018-жылдын 4-декабрына берген маалыматы боюнча учурда тогуз мамлекетте Кыргызстандын элчиси жок. Алар — Түркия, Кытай, Түркмөнстан, Малайзия, Япония, Индия, Түштүк Корея Республикасы, Афганистан жана Азербайжан.
Белгилей кетсек, элчилер байыртадан бери ардакталып келет, тарыхта согушуп, кырды-бычак болуп келе жаткан уруулар, тайпалар, элдер да бири-бирине элчи жиберет, бири менен бири сүйлөшүп турат.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!