www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир кыздын куну пансионатпы?

Жазгүл Урманбетова 12-январь 2019, 17:38

Саясат


Бир кыздын куну пансионатпы?

Иса Өмүркуловдун баласы жаш кызды сүзүп кеткени, мындан бир топ жыл мурда коомчулуктун бүйүрүн алган эле. Азыр ал иш унутулуп калса дагы, депутаттын артынан баягы эле сөздөр ээрчигени ээрчиген...

Жаш кыздын өмүрүн алганы үчүн, кыздын куну катары анын атасына Иса Өмүркулов эмнени гана кылган жок. Бала үчүн кайран ата менен эне эмнеге гана барбайт. Иса мырза баласы үчүн акчасын көтөрүп чаап, тааныштарын ортого салып жан алы калбай чуркап, жакшы эле аракет кылды.

Маркум, он гүлүнүн бири ачыла элек кыздын атасына көл жээгиндеги эс алуучу пансионатынын директорлук кызматына чейин отургузду.

Бирок, бейиши болгур каза болгон кыздын өмүрү ушундай нерсе менен бааланат беле?- деген суроо жаралбай койбойт.

Ооба, Иса Өмүркулов борбор калаанын мэри болуп турганда, азыркыдай болуп жолдор салына элек жатып бузулган эмес. Ким кандай иштегенин эл билип турат. Өмүркулов ошондой эле, баласынын жасаган жагымсыз жоругуна жооптуу эмес.

Бирок, Сооронбай Жээнбеков айткандай, ар бир адам колу менен кылганын башы менен жооп бериш керек эмеспи.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83