www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер:"Бийлик саясий туткундар маселесин көңүл сыртында калтыруусу менен чоң ката кетирүүдө...”

Кызгалдак Жакыпова 14-январь 2019, 12:24

Саясат


Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер:"Бийлик саясий туткундар маселесин көңүл сыртында калтыруусу менен чоң ката кетирүүдө...”

- Экс президент Роза Отунбаева демилгелеп, Жогорку Кенештеги алты фракция лидерлери кол коюп колдоп, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү өтүнүчү менен президентке кайрылышты. Сооронбай Жээнбеков “өзү кайрылса ырайым берейин” деди. Текебаев болсо “жазбайм” дейт. Коомчулукта да бул маселе кызуу талкууга алынып, ар түрдүү пикирлер, сунуштар айтылууда. Сиз кандай дейсиз?

- Өмүрбек Текебаевдин “ырайым сурап жазбайм” деп жатканынын себеби ал өзүн -“күнөөсүзмүн, мен акталышым керек” дегенинде. Ал эгерде ырайым сурап кайрылса кийин акталышы кыйын. Анткени ырайым суроо, “жаңылдым-жаздым, ит болдум-куш болдум, эми мени кечирип койгула” дегенге эле барабар. Кийин ал сотко кайрыла албай калат. Сотко барса сот айтат да, “сиз күнөөңүздү толук моюндап, ырайым сурап бошоптурсуз” деп коёт.

А эгер, коомчулуктун кайрылуусу менен ырайым берилсе, анда кеп башка. Биринчиден камакта эмес эркиндикте жүрүп соттогу иштерди кайра каратууга мүмкүнчүлүктөр кеңейет. Экинчиден “ырайым сураган жокмун, ак экенимди билген коомчулуктун кысымы менен өзүлөрү ырайым беришти, бу да болсо, менин актыгымды тааныгандыктын бир белгиси”- деген аргумент да соттогу иштин кайра каралышына, акталууга кошумча негиз боло алат. Ошондуктан Өмүрбек Текебаев: “Менин бошотулушумду талап кылып жаткандарга ыраазымын” дегендей билдирүү берип жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки оттун ортосунда калып, бул маселе мыйзам чегинде, кийин сөз болбогондой чечилишин каалап турганын айтып, “соттун үч инстанциясынан тең өтүптүр, мыйзам чегинде болушу керек, мен өз билгенимди кылып кийлигише албайм, өзү жеке кайрылса ырайым берейин” деген маанидеги кебин айтты. Ал сөздүн артында эмне жатат? “Бошот эле бошот” деген сырттагылардан тышкары президенттин аппаратындагы кесипкөй кызматкерлер, кеңешчилер турат.

Алар дагы мыйзамды талдап, мыйзамга тууралап өз ойлорун кагазга түшүрүп, президентке таңуулап жатат. Андан тышкары, ошол эле Текебаевдин 60 жылдыгына чейин барып көңүлүн көтөрүп жүргөндөрдүн бир тобу “муну чыгарсаңар ит болосунар, 2020-жылкы шайлоодо ызы-чуу салып тажатат” деп президентти айнытып жаткандар да жетиштүү, балким даже көбүрөөктүр.

Негизинен саясый туткундар маселесинин каралбай, созулуп келе жатышы бийликтин рейтингине терс таасирин тийгизип жатканы талашсыз. “Сороонбай Жээнбековдун бийликке келгенине бир жылдан ашты, таза иштейм, ак, адилет эл башы болом дегени кана? Эмне үчүн, ушунча убакытка чейин саясый куугунтук менен камакка алынгандар тууралуу бир да бир акыйкат чечим кабыл алынбай келе жатат. Бул бийликке деле акыйкатсыздык жагабы?”- деген сыяктуу жүйөөлүү кеп акыл калчаган коомчулук тарабынан тынымсыз эле айтылып келе жатат.

Ал тургай бул маселе азыркы бийликке каршы бириге албай жүргөн, чар-жайыт саясый күчтөрдүн биригүүсүнө катализатор боло турган аргументтердин бирине айлана баштаганы деле ачык байкалып калды. Өткөндөгү 40тан ашык саясый күчтөрдүн курултайында, андан кийинки майда-чүйдө курултайларда, ошол эле Текебаевдин 60 жылдыгында ж.б. толгон токой тегерек үстөлдөрдө, жыйындарда, аш, тойлорго чейин айтылып жатканына карабай, бийлик бул маселени көңүл сыртында калтыруусу менен чоң ката кетирүүдө деп ойлойм.

Саясый туткундар маселеси жалгыз Текебаевге тиешелүү эмес да. Болуптур Текебаевдин маселеси ушундай талаш тартышты жаратат экен. Жок дегенде берки, башка саясый туткундар боюнча иш жылыш керек да. Анда, катуу талашты жараткан Текебаевдин маселесин коё туруп деле калган отузга чамалуу саясый туткундардын маселесин четинен карап, адилеттүүлүк жолуна түшсө, убакыт өткөн сайын бөксөрө баштаган эл ишенимин сактап кала алышмак да. Эмнени ойлоп жатышат билбейм. Кызык эле болуп баратат, айтор...

- Маселенин саясатташа баштаганын биз да байкадык. Кечээ эле “Текебаевге боштондук” деп пикет кылып жүргөн Турсунбек Акун тетири сийип, “эмне Текебаевге ырайым бер деп кол коёсуңар”- деп Роза Отунбаевага, ЖКдагы алты фракция лидерине атырылганын көрүп оозубузду эле ачып калдык. Жогоруда “Текебаевди бошотпо” деп аткан саясатчыларды айтканда сиз ошо Турсунбек Акунду айтыңызбы?

- Жоок ал алардын арасында жок. Ал төмөнүрөөк жакта... Турсунбек Акун өзүн-өзү “мен доңуз саясатчымын” деп койот. Анан быйыл доңуз жылында сезимталдуулугу жогорулап президенттин тегерегиндеги: “Бошотулганы мыйзамсыз болот” деген партиянын арбып кеткенин байкап калыптыр. Анан дагы аппараттагы кыркелдиевдин “күйөөлөрүнүн” бири - “ушинтип, кылыктарың менен фракция лидерлерин челип койсоңуз бизге жагасыз”- деп койсо элирмеси кармап кеткен го? Билесиң да баягы илгери Бакиев заманында “Табылды Беркутович, “Батукаевдин абалы оор, эки-үч күндө өлөт” деп айтып койчу”- дегенинен айта салгам” дебеди беле. Болбосо кимдин кимге кат жолдооруна кимдин кандай тиешеси бар.

Маа десең Кудайга, маа десең ООНго кайрыл. А кайрылган органың кандай чечет, өзү билсе болду да. Туурабы? Анан укук коргоочумун деген неме эле келип, “оозуңарды жапкыла, көчүгүңөрдү кыскыла, кол койгонго акыңар жок” дегенсип, догурунуп саясатчыларды демитип атса кызык эле көрүнөт экен. “Ай алар саясатчыларда” десең, “шайлоо убагында саясатчы болушсун, азыр мыйзамчы эле болуп, бул маселеде саясатчылыктарын унута турушсун” дейт (ватсаптан). Акылы аз адам деле ойлойт да, “бул эмне айнып калган, кечээ боштондук деп жүрдү эле, буга эмне болгон, муну ким тукурду?”,- депчи. Айтор, пайдасынан зыяны көп “финттерди” жасап, жеке кызыкчылыгы үчүн тырмышып жүрүү адатка айланып, уят-сыйытты деле унутуп калды окшойт.

-Эми сиздин прогнозуңуз. Текебаевдин окуясы кандай аяктайт деген ойдосуз? Боштондукка чыгабы?

- Чыгат албетте, өмүр бою отурмак беле. Менин оюмча ырайым менен эмес УДО менен бошоп, акталуусу бир нече жылга созулушу мүмкүн. Анткени УДО менен спец. поселение же үй камагына чыгарылган адамдын укуктары чектелүү, режим менен жүрүүгө милдеттүү болот. Б.а. соттордун жанына барып, митинг кылып кысым жасоого болбойт. Эл болсо “эркиндикке чыгыптыр, болбодубу, сөзсүз эле кайра депутат болушу керекпи (?)”,- дегенсип көңүлкөш болуп калат.

Билбейм, балким ырайым деле алып калаар... Бирок акталуу маселеси бир топ убакытка чоюлуп кетет го деген ойдомун. Андыктан “ата-мекенчилер” ж.б. тарапташтар кандай деген күндө да, азыркы бийликке каршы тура турган оппозициялык күчтөрдүн чыйралышына кызыкдар. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо жакындаган сайын чар-жайыт, каражатсыз, бирок амбициялуу, бийликчил тизмеге батпай турган күчтөр айласыз биригүүгө мажбур болушат. Убакыт өткөн сайын нааразычылыктар көбөйүп, бийликти сындап, жактырбагандардын саны артып, эл эки бөлүккө бөлүнүшү толук мүмкүн. Мына ошол коопту, баарынан. Ошону ойлонуу керек, элдин ишениминен ажырап, айнытып алуу баарынан жаманы ошо...

Булак: Майдан.кж


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83