www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каныбек Осмоналиев: “Президенттен бир кадам оңго же солго баса албаган өкмөттөн эмнени күтсө болот?”

Жазгүл Урманбетова 14-январь 2019, 18:27

Саясат


Каныбек Осмоналиев: “Президенттен бир кадам оңго же солго баса албаган өкмөттөн эмнени күтсө болот?”

NazarNews.kg маалымат агенттиги коомчулукта  өкмөттүн ишине алымсынбагандар күндөн-күнгө көбөйө баштаганын эске алып,  профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиевди кепке тарттык. Өкмөттүн чабалдыгы боюнча айрым суроолорго жооп алууга аракет кылдык.

-Каныбек агай, өкмөт неден аксап жатат? Эмнеге чабал болуп жатат?

-Бул суроонун актуалдуулугу Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери эле курч болуп келүүдө. Президенттин ыйгарым укуктуулугу Баш мыйзамда абдан айлакерлик менен жазылып калган. Эч нерсеге жооп бербей эле өз бийлигин каалагандай жүргүзө берет. Анын мындай артыкчылыгын парламент көмүскө колдойт. 27 жылдан бери эле ушундай! Азыркы Өкмөт жөнүндө бир дагы жакшы пикир жок. Анткени, анын составы кокусунан эле, ар кандай конъюнктуралык кызыкчылыктардын оюуну менен түзүлүп калган. Бардыгы утурумчулар! Бир күн болсо дагы кызматымын пайдасын көрүп алайын деген кургурлар! Президенттен бир кадам оңго же солго баса албаган өкмөттөн эмнени күтсө болот?

-Өкмөт жакшы иштеш үчүн эмнеге көз каранды? Эмне үчүн бизде өкмөт башчылар өз алдынча иш кыла алышпайт?

Менимче, өкмөт жакшы иштеш үчүн Жогорку Кеңеш тез таркап, азыркы реалдуу күчтөрдөн турган партиялар келиштери керек. Азыркы Жогорку Кеңеш болгон ресурсун бүтүрүп алып, эми жалаң гана өз кызыкчылыгына иштей баштады. Күчтүү саясый блоктун Өкмөт түзүлсө гана, эч кылчактабай иштей алат. Анын башында ошол саясый партиянын же блоктун лидери туруш керек дагы Өкмөттүн ишине керт башы менен жооп бериши керек. Бирок, буга Президент жана анын командасы макул болобу? Кеп ушунда!

-Эгер имиштер чын чыгып, эл жазда көтөрүлө турган болсо, ага да өкмөттүн алсыздыгы, чечкинсиздиги себеп болобу?

-Элдин ичинде "критикалык масса" күндөн-күнгө күчөй баштады. Таң калганым бийлик дагы эле мактануу же актануу менен алек. Эл менен бийлик эки башка планетада жашап жатышат! Баарынан таң калыштуусу, ушул кырдалды билип турушуп эле бир дагы кескин өзгөрүүгө багыт алган кадамдары жок. Дагы эле баягы каяша айткандарды куугунтуктамай, соттомой же коркутмай. Азыркы кызмат алган кадрларды карап туруп ойлоп кетем: "Эмне элди ушинтип эле тоготпой келеке кыла берсе болобу?" деп! Анан албетте, эл кыжыры кайнап көтөрүлөт да. Ал үчүн жаздын келишин деле күтүштүн кереги жок! Кечээги бир журналисттин чириген картошканы Айыл чарба министринин кабинетине алып кирип бергени эле эмне деген күчтүү акция! Аны бийлик тоготуп дагы койгон жок го? Бул кенебестик жакшылык менен бүтпөйт! Мен күйгөнүмөн гана айтып жатам, башка эч кандай жаман оюм жок!

-Каныбек агай, кайсыл өкмөт башчы жакшы иштеди? Же баары эле кызматка дайындалганды анан арыз жазып кеткен менен алек болуштубу?

-Насирдин Исанов менен Жумабек Ибраимовдор татыктуу иштешти. Бирок, алардын тагдыры кандай болду, билебиз, да! Калган премьер-министрлер жөнүндө сөз кылуунун деле кажети жок! Зыяндуу иштери көп болду. Анткени, алардын бары президенттердин эле курчагы болуп келишти! Ошондуктан кескин жана чукулунан саясый реформа керек! Система өзгөрүшү зарыл! Болбосо дагы эле бири-бирибизди жакалатып, алдап жүрө беребиз! Элдин катуу силкиниши эле калды окшойт. Анткени, жакыр жашоонун чеги өзүнүн критикалык абалына келип калды!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83